Алгач самынды теркадан өткөрүп алабыз. Үйүңүздөгү эң чоң казанга суу куюп отко коёсуз. Ага желим менен кесилген самынды саласыз. Кир самын толугу менен эригенден кийин, ичине өтө кир болуп майланышып калган идишинизди саласыз. Ошентип, жай отко үч саат кайнатуу керек. Сууңуз соолуп калбаш үчүн, үстүнө суудан куюп туруңуз.
Үч сааттан кийин идишинизди казандын ичинен алып, ага жылуу суу куюп муздатасыз. Мискейдеги майланышкан кирлери жумшарып калат. Аны казан кыргыч менен сүртсөңүз мискейдеги кирлер өзү эле чыгып, жалтырап сонун болуп калат.