Биздин сүйүү
Жолугушуп айылдын этегинен,
Жоодурашып колумдан жетелеген.
Жоолугумду башыма байлап алып,
Жолунду карачумун эрте менен.
Барар элем бир топ элден жашынып,
Жамалынды көрүү үчүн ашыгып.
Сүрдүү ойго кыялдарга малынам,
Суу сыяктуу өйдө ылдый ташыгып.
Ак көйнөгүм шамал серпип жайкалат,
Ашыктыгын көз караштан байкалат,
Кумар канып бал сөзүңдү укканда,
Кууланып жүрөгүм сенден жайтабат.
Жоолукканда биздин күндөр батпаса,
Айлуу түндө, тан сүрүлүп атпаса.
Суктанамын эчкимге окшобогон,
Бул дүйнөдө биздин сүйүү башкача.
Абдирашит уулу Акматали.