Базар-Коргон районунун Акман айылында "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Ош-Бишкек каттамын тосууну көздөп жатышат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, ушул тапта жолду буу үчүн топтолгондордун саны жүзгө жакын. Аларды күч кызматкерлери таратууга аракеттенип, бирок эки тарап тиреше кеткен.