Ош шаарындагы Озгур айылынын тургундары 1994-жылдан бери колдонуп келген үлүш жерлеринин сатылып жатканына нааразы болуп жатат. Алардын айтымында 400 гектар жерди 2 адам менчиктештирип, айыл элине айтпастан сатып жатышат. Бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, тез арада чара көрүүнү жана атайын комиссия түзүп иликтөө керектигин билдирдим. КРнын Башкы Прокуратурасына кат менен кайрылып, өз көзөмөлүнө алууну тапшырдым!
3000ге жакын адамдын ырыскысына балта чаап, бир-эки адамга каттап берген соттордун чечимин карап чыгуу керек.