Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Айсулуу Тыныбекова Красноярск шаарында өтүп жаткан "Иван Ярыгин-2017" Эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 18:00дө старт алды. 45-мүнөттө Айсулуу Тыныбекова атаандашы менен килемге чыкты.Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмак ченинде буга чейин Орусия жана Монголия мамлекетинин 3 спортчусун жеңип, финалга чыккан. Финалда орусиялык Вероника Чумикова менен кез келишмек. Балбан Айсулуу Тыныбекова финалда атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалды утуп алды.Айта кетсек, Тыныбекова атаандашын 13:3 эсебинде утуп, өлкөнүн куржунуна алгачкы алтынды утуп берди.