#ЭркинМаалымат #сот #укук
Соттордон акыйкат таба албай калдык! Бул туурасында бүгүн Токмок шаарынын тургуну Гүлмира Жаркынбаева “Элдик Медианын” маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында 2016-жылы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн уулуна сот акыйкатсыз карап, кылмышка шектүүлөр сот залынынан бошотулган. Маалымат жыйындын жүрүшүндө маркумдун энеси жана бир-туугандары президентке жана башка тиешелүү органдарга кайрылуу жасашты.“Урматтуу Сооронбай Шарипович айла кетип сизге кайрылып жатам, сиз мени ата катары жана президент катары түшүнөсүз деп ишенем. Соттордун акыйкатсыз чечимине кептелип жардам сурачу жерим калган жок. Ушул менин көйгөйүмө өзуңүз кийигилишпесеңиз башка органдардан жардам күтүү кыйын болуп калды. Маркум уулумдун арбагы ыраазы болсун сизге, көмөк көрсөтүңүзчү сизден өтүнөм ”- деп айтылат кайрылууда.11-октябрда Чүй райондук сотунда жабыркаган тарап нааразы болуп, сотту каргап, залдан чыр чыккан. Булак Элдик Медиа