18-декабрь күнү, Таш-Көмүр шаарынын 63 жаштагы ветеран жеңил атлетибиз Сыдыков Мыктыбек Бакасович шаарыбыздын эки ГЭСин айланып, 35км чуркап өттү.
Тагыраак айтканда "Куруучулар" микрорайонунан старт алган агабыз Шамалды-Сай ГЭСине барып, андан Ош- Бишкек трассасы менен Таш-Көмүр ГЭСинен өтүп, "Түндүк" аймагы, шаарыбыздын борбору аркылуу кайра микрорайонго чейин чуркап өттү.
Бүгүнкү чуркоо эмки жылдагы 42 км 195 метрлик марафонго даярдык алкагындагы машыгуу болду.
Мыктыбек Бакасович биз сиздей жердешибиз менен сыймыктанабыз!
Баса:
Аралыкты башынан аягына чейин коопсуздукту камсыз кылып, коштоп жүргөн МАИ кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдиребиз.