19-декабрда Президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматов Талас облусунда шайлоочулары менен жолугушту. Жолугушуу Калмаматовдун тарапташтары тарабынан уюштурулуп, алгач “Манас ордо” улуттук комплексинде болду. Айкөл Манастын арбагына багышталып куран окулгандан кийин талапкер “Манас” эпосуна арналган мамлекеттик музейи менен тааныштырылды. Андан соң мурдагы партиялашы, маркум Болот Шердин кабырын зыярат кылып, арбагына куран түшүрүп, бата кылды.
http://kalmamatov.kg/?p=3798