Андан плантаглюцид дарысы даярдалып, ичеги-карын оорусунда (гастрит колит бронхит жана башкага шыпаа, кургатылган жалбырактардын маңызы жөтөлгө жана жара оорусунда колдонулат. Элдик медицинада кургатылган жалбыракты чай сыяктуу демдеп, какырык чыгаруучу дары катары, көк жөтөлгө, дем алуу жолдоруна суук тийгеңде, дизентерияда ич өткөндө кеңири колдонулат. Ал \ч\н Жай бою өсүп жетилген, бүтүн жалбырактарын сабагы менен чогултуп, көлөкө жерге, үйдүн чатырында кургатуу керек. Кургак жалбыракты (10—15 г) бир стакан кайнак сууга демдеп, суугандан кийин чыпкалап, аш кашык менен күнүнө 5—6 жолу ичсе болот.Медицинада какымдын тамыры менен чөбү тамакка мейил тарттыруу, тамакты сиңиртүүчү үчүн, боор ооруларында өт айдама каражат катары кеңири колдонулат. Ич катканда да пайдасы тийет. Мөмөсүндө чычырканак майы 8%-,уругунда 12%- жетет. Майында Е витамини каротин көп, аминокислоталар, стеариндер, каныкпаган май кислоталары бар. Ширесин сыгып алгандан кийин калдыктары кургатылып, аны өсүмдүк майына чылап койсо, чычырканак майы чыгат. Бул май жараларды айыктыруучу, ооруну басаңдатуучу касиетке ээ.