Аваз Акимов "Эми башка"(ТЕКСТ)
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : А.Акимовдуку
Асман жашын төккөн, маанайым да чөккөн,
Эстен кетпей эски тагдырым.
Арзуум эми алсыз, арман каптап сансыз,
Убакыттын сезбей аздыгын.
Кайырма:
Ажырап эгиз жол эки жакта,
Карааның бир кайрылбастан кетип жатса.
Сен мага каласың баягыдай,
А менчи, мен сага эми, эми башка.
Болгону бир үмүт, маңдайымда күлүп,
Көз алдыма келчи айланып.
Күн да азап менен, түн да азап менен,
Калдым сенсиз муңга байланып.