Өлкөнүн түштүк аймагындагы тургундар үчүн Ысык-Көлгө чай кайнамда келип калгыдай шарт түзүлдү. Тамчы айылындагы эл аралык «Ысык-Көл» аэропортуна бүгүн туристтерге жык толгон алгачкы рейс - Ош шаарынан келип конду. Эми түштүк борбордон учактар Ош-Тамчы аба каттамы боюнча аптасына эки жолу, жума жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Учак билетинин баасы - 2600 сомдон болууда.