Биздин бул жолку каарманыбыз Догдуркан Турдуева 60 жашта. Бул куракта каарманыбыз кооз көйнөк кийип, даамдуу тамак жеп, төрдө отурушу керек эле. Тилекке каршы ал дубалы ураган үйдө кызы жана 3 небереси менен күн кечирет. Биз бул ирет көзүнө ый, жүрөгүнө муң толгон Турдуеванын жашоосун көрсөтүп, тагдырын уга турган болдук.
Жардам берүүнү каалагандар 0702 54 26 14 номери аркылуу байланышса болот.