Бүгүнтөн тарта автоунаалар үчүн жаңы үлгүдөгү номерлер бериле баштады. Ага байланыштуу мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарындагы алгачкы кардарга салтанаттуу түрдө жаңы номерди тапшырды. Каттоо кызматы жаңы номурлар коопсуз шаар долбоорун ишке ашырууга көмөкчү болуп, дүйнөлүк стандартка жооп берээрин билдирүүдө.