Ноокатта айылдык кеңештин депутаты менен жер адиси 50 миң сом пара алып жаткан учурда колго түштү. Бул тууралуу 24-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (финансы полициясы) кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, М.К. аттуу жаран аталган кызматтын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө арыз менен кайрылып, Он-Эки-Бел айылынын жер маселелери боюнча адистери жер участогун бергени үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жатканын билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинде (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-беренесинде (алдамчылык) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен жер боюнча адис К.И. жана жергиликтүү кеңештин С.О. аттуу депутаты кармалган. Азыркы убакта иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.