КӨЗДӨР... Үнсүз,
Муңсуз,
Мөлтүр кара,
Көгүлтүр көк,
Каухардай кай бирөөсү.
Тунук,
Жашык,
Багындырган,
Чагылдырган,
Тилсиз жаткан жүрөктү.
Каралаган,
Калп,
Чын,
Жалган,
Айтса айтар эриндер,
Тиктеген көз,
Титиреп ооз,
Көздөр алдап,
Айта албайт,
Айта албайт, күнөөсү.
Көздөр - күзгү,
Тилек -изги,
Кош океан,
Деңиз,
Толкун чапчыган.
Маржан,
Шуру,
Буркураган,
Булак агат,
Тамып жаткан жашынан.
Көздөр чырак,
Көздөр булак,
Ансыз дүйнөң,
Алсыз дүйнөң,
Караңгылык, туңгуюк.
Аңдап көрчүү,
Айтып көптү,
Аалам таанып,
Адам таанып,
Адамзатты башкарган.
Ириктеген,
Үмүт менен,
Таңды көрүү
Тилек менен
Жумулушаар кээ көздөр,
Күн өтпөгөн,
Күйүт менен,
Ойгонбогон,
Тилек менен,
Жумулушаар кээ көздөр.
Ушул бойдон,
Ушул бойдон,
Ойгонбосом,
Деген сөздөр,
Жумулушаар кээ көздөр.
Сейил Шамил кызы
Жалал-Абад
17.03.2020-ж.
#поэзия#көздөр#сүйүү#арман