Карылар үйү деген кеп козголду дегиче оор үшкүрүк тарткан, таяк таянып жол карап, жакынын күткөн карылардын элеси, үмүтсүз көздөр көз алдыңа тартылат. Анткени анда «түрткүнчүк» мамилеге дуушар болуп, акырында карылар үйүнө жетеленген тагдырлар миңдеп саналат. "Биз барбыз" кайрымдуулук фонду бул ирет Абай к. 93 дареги боюнча орун алган Бишкек шаардык карылар үйүндө тазалык иш-чарасын өткөрдү.