Казакстандын Алматы облусунда кулаган учакта Кыргызстандын 1 жараны болгон. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кырсык болгондон кийин Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу учактын бортундагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин тактап баштаган. Учурда башкы консулдуктун кызматкерлери жабырлануучулар жаткырылган ооруканага бара жатышат.