Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири белгилүү коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, Бишкектеги «Мээнет» тазалык ишканасынын уюштуруучусу жана башкы директору, кийинчерээк Ош шаарынын мэри болуп иштеп эл оозуна алынган Жолдошбек Раимбеков тирүү болгондо быйыл март айында 65 жашка толмок. Дал ушул Жолдошбек Раимбеков 2000-жылдары Ош шаарынын мэри болуп туруп ошол кездеги Стамбулдун мэри, азыркы түрк мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен дос болуп анын артында Ош-Стамбул достук көпүрөсүн түзүшкөн. Жолдошбек Раимбеков Бишкек шаарынын инфраструктурасын, тазалыгын чыңдоодо «Мээнет» ишканасы аркылуу болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жараткан. Азыр кимдир бирөөлөр «Таза коом», «Таза шаар» долбоорлорун жомок кылып айтып турмушка ашыра албаса да Жолдошбек Раимбеков мындай таза шаарды «Мээнет» ишканасы аркылуу мындан 15 жыл мурда жасап койгонун Бишкектин тургундары дале унута элек. Бул адамдын демилгеси менен Бишкек-Ош шаалары көрктөнгөн, көгөргөн. Ал гана турсун Ош-Стамбул достук көпүрөлөрү жаралып канчалаган мамлекетке пайдалуу иштер жасалган. ЭМГЕГИНИЗ ЖАНА ЖАРКЫЛДАГАН ЖИГИТТИК КАЙРАТЫҢЫЗ ЭЧ КАЧАН ЭЛИҢИЗДИН ЭСИНЕН ЧЫКПАЙТ ЖОЛДОШБЕК РАИМБЕКОВИЧ!
Сизге арналган «Жалын журоктуу, жакшы тилектуу Жолдошбек РАИМБЕКОВ деген» даректуу бул фильм мындан 10 жыл мурда, 2008-жылдын март айында даярдалган.
Нышанбек КОЧКОРОВ
Кыргыз республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, укукчу журналист