26-сентябрда SUPER.KG порталына 2-октябрь күнү бир үй-бүлө бир күндө 7 той өткөрө турганы боюнча жазылган. Бул маалымат чыгары менен окурмандар ысырапкорчулукка жол бербей, жакшылыкты чогуу өткөрүп койсо болот турбайбы деген билдирүүлөрүн жазып калтырышкан. Мындан улам SUPER.KG порталы өзгөчө тойдун жүрүшүнө күбө болуп, той ээлеринин кубанычтары менен бөлүштү.