Жогорку соттун чечими менен кечээ Бишкек шаарынын Профсоюзная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдү түрттүрүү иштери башталды. Андагы турак жай ээлери ушул күнгө чейин кызыл китепти ала албай келишкен. Себеби 2000-жылдардын башында аталган жер тилкелерин жеке тараптан сатып алышып, кийин ал токтомду мыйзамсыз деп мамлекеттик органдар тааныбай келген.