- Баарыбыз кыйынбыз! Бирок, бири-бирибизди сыйлайлы, тартип деген болуш керек. Мындай бардакты токтоткула! Мен сиз менен өзүмчө сүйлөшөмүн, айтпадымбы, дагы эмне керек?! Урматтуу мекендештер, таарынбагыла! Бирок, өзүнүн президентин сыйлабаганды Кыргызстандан гана көрүп жатам. Өзбекстан, Россия, Түркия, Кытайга барсам дагы, Европага барсам дагы мындай жок.
Жулунуп-жулкунбай, тартипти бузбай... өзүбүздү сыйласак. Мени сыйлабасаңар дагы мени шайлаган элди сыйлагыла. "ОБОН" деген катындар кайсы мамлекетте бар? Кээ бир шаарга барсам тээтиги жакка туруп алышып "Эй, Алмаз, бери кел!" деп кыйкырат. Уялбайсыңарбы! Мен жанымды, ден-соолугумду берип жатам Кыргызстан үчүн! Тилемчидей болуп канча мамлекеттерди кыдырып жүрөм, жолдор салынсын деп... Кыргызстандын келечеги ачылсын деп...