31-майда Финполдун башчысы Бакир Таиров "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү каражат «Дордой», «Кара-Суу», «Мадина» базарларында иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экендигин айткан. Бирок ал кийин "Азаттыкка" берген маегинде бул маалымат болгону оперативдик маалымат экенин айтып, аны так кесе ырастаган жок.