Алыш күрөшү боюнча Жалал-Абад шаарынын 7 спортчусу Кыргызстан курама командасына кирди. Буга чейин шаардагы спортчулар бир же экиден гана курама командага кирсе, быйыл биринчи жолу көп спортчу мүчө болгон. Курамага кирген спортчуларды шаар мэри Мураталы Тагаев кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктады жана жакшы каалоолорун билдирди.