Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүп жаткан бардык тасмалар эксперттик комиссиянын кароосунан өткөрүлөт. Уруксат берилсе гана коомчулукка сунушталат. Буга байланыштуу мыйзам-долбоору даярдалды. Демилге Кинематография департаментине таандык. Мыйзам-долбоору кабыл алынса, уяттуу эпизоддор камтылган тасмаларды коомчулукка көрсөтүүгө тыюу салынат. Анткени акыркы күндөрү чектен ашкан фильмдер көп чыга баштады, дейт демилгечилер. Аны көргөн жаштардын аң-сезими бузулушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.