Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев акыркы күндөрү социалдык тармактарды колдоого алынып келе жатат. Чындыгын алып караганда Курманбек Бакиев такта турганда мамлекеттин экономикасын көтөрүүдө кошкон салымы чоң болсо кадр тандоодо Бакиев жаңылышкан эмес. Алсак, тунгуч президентибиз Аскар Акаевден калган Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 2,5 млрд АКШ долларына жеткен абалда калса, Курманбек Бакиев 2010-жылга чейин мамлекеттик карызды 2 млрд долларга чейин түшүргөн. Кандай болгон күндө дагы 2010-жылдан кийинки келген бийлик Бакиевдин алдында уят болушуп, мамлекеттин экономикасына “резинка өтүк” кийгизип, сормо сазга түптүз киргизип салды.Кызыгы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Кудайды” оозунан түшүрбөй олтуруп алгылыктуу деле иш кылбады. Курманбек Бакиев президент болуп турганда бир саат ичинде жүз жолу Кудайды айтпай мусулмандардын ыйык китеби Курани Каримдин кыргызча котормосу жана анын маанисин тактап айтканда арабчадан которгон түшүндүрмөлөрү тууралуу китеп чыгарып, КР Президенти болуп турган мезгилде Курманбек Бакиев элибизге белек кылган. Аллаxтын калемине таандык болгон китепдин касиети менен мамлекетибизде нур жанып турсун!