Башчыларга Аллахым ыйман туура жол хидаят берсин өзүн эмес өзгөнү ойлогон адамдардан болушсун Аллахым сабырдуулук берсин. *КИМДЕ-КИМ ИСЛАМДЫН ПАРЗДАРЫН АТКАРЫП ӨЛГӨН БОЛСО АЛ АДАМ ЧЫНЧЫЛДАРДАН ЖАНА ШАХИДДЕРДЕН БОЛОТ*
Амр Ибну Мурра аль-Жухани, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: “Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, Хузаа деген жерден бир киши келди да мындай деп айтты: “Мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана сен Анын Элчиси экениңе күбөлүк бердим. Беш убак намазды окудум жана Рамазан орозосун туттум, зекет бердим”. Ошондо Аллаxтын Элчиси, саллаллаxу алейxи уа саллам, айтты: _«Кимде-ким ушул нерселерди аткарып өлгөн болсо, ал адам чынчылдардан жана шаxиддерден болот»._ _(Баззар, Ибну Хиббан)_