Алыстаба,күндөн күнгө утурлай
Көөдөндөгү кусалыгым жазылган жок,
Кетпей турчу,сагынычым тараган жок..
Ар бир күнү берекеге толгон ай
Соопторду оруп- оруп жыйган ай
Кадам сайын тозогунан алыс кылып,
Бейишти пенде үчүн кооздогон ай.
Оо,Рамазан кут береке жаадырган
Кетпей турчу,токтой турчу суранам
Ар бир мүнөт таттуу болду мен үчүн
Кетип калсаң сени абдан сагынам
Куран окуп,намазга тур эринбей
Соопту жыйна,дүнүйөгө берилбей
Тобо кылып өкүнүп кал күнөөлөгө
Жаман сыпат калтырбастан жүрөгүңө.
Кечээки рамазанды көргөн адам,
Бүгүнкү Рамазанга жетпей калды
Кечээки жамааттагы досун бирөө,
Карайлап бүгүн мына таппай калды...
Эмки жылы келем деген убадаң
Жүрөгүмдө үмүт отун жандырган
Келээрки рамазанга жетели деп
Күнүгө Жараткандан келем тилеп
Тутулган орозолор кабыл болсун
Жүрөккө кемибеген ыйман толсун
Жараткан бакыт жолун ыроолосун
Күнөө иш, жаман оору, кайгы капа,
Бир дагы мусулманга жолобосун!
Усупканова Толгонай
11.06.2018
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев