Наш праздник как добрая традиция!
Чүй -Токмок билим берүү бөлүмүнүн баардык жалпы билим берүү мекемелеринин арасында «21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө» арналган достук форуму болуп өттү. Учурдун талабы болгон мамлекеттик тилди технология тилине айлантуу, өнүктүрүү, жайылтуу мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо, аны колднонуу чөйрөсүн кеңейтүү көп тилдүүлүктү сактоо менен өз элинин руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген эне тили негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү,дени сак, мекенчил өспүрүмдөрдү тарбиялоо максатында иш- чара өткөрүлүп, Токмок шаарынын мэриясы тарабынан баалуу белектер берилип, эл аралык ынтымак-улут байлыгы экенин далилденди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары – Кыштобаева Гульмира Алимбековна жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Орозов Асылбек Кудайбердиевич,Токмок шаарынын мэринин орун басары Туратбек уулу Алишер катышып улуттар аралык ынтымакты келечек муундарынын далилдеринен өлкөдөгү көп тилдүүлүктү сактоо менен өлкөбүздүн мекенчил инсандары өсүп келе жатканын белгилеп өтүштү. Чүй -Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Алмакунов "Эл аралык эне тил күнүнө арналган достук форумунда келечек ээлерине алкыш айтуу менен, улуттун ынтымагын сактай билүү керек экенин баса белгилеп иш-чараны жыйынтыктады.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев