Темир Сариевге каршы жалаа.
Бүгүн эртең менен региондордо, Бабанов жана Жээнбековдун үгүтчүлөрү шайлоочуларга Темир Сариев алардын талапкерлерине кошулгандыгы тууралуу ушак-айыңдарды тарката башташты.
Бул жалган жалаа! Темир Сариев шайлоого өзү жалгыз гана аттанып жатат.
Бул окуяга байланыштуу Темир Сариевдин штабы билдирүү жасады. Маалыматка ылайык өлкөнүн баардык аймактарында кеңири түрдө жайылып жаткан ушак кептер чындыкка дал келбейт. Шайлоочуларга президенттикке болгон жарыштан Темир Сариев талапкерлигин алып койду деген жалган маалыматтар болгону оппоненттердин күчтүү атаандашынан коркуп жатканынан кабар берет.
Атаандаштар Темир Сариев жеңишке ээ болбоосу үчүн, болгон аракеттерин жасап жатышат. Себеби Темир Сариевдин акыркы күндөрдөгү көрсөткүчү эки эсеге өскөн.
Темир Сариевдин штабы өзүнүн атаандаштарына ушактарды таркатып, адамдык деңгээлинен ылдый түшпөстөн, таза күрөш өткөрүүгө чакырат.
Темир Сариев президенттик жарышта өз талапкерлигин албайт, жана жеңиш үчүн аягына чейин барат!
Жеңишке бирге!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев