” (аш-Шу’араъ, 26:214) деген аятты түшүргөндө пайгамбарыбыз курайшиттерге кайрылып мындай деди: “О курайшиттер, өзүңөрдү сатып алгыла (б.а.куткарып калгыла), анткени мен силерди кандай кылсам да Аллахтын жазасынан куткарып кала албайм! О бану ‘абд манаф, мен силерди кандай кылсам да Аллахтын жазасынан куткарып кала албайм! О ‘Аббас бин ‘Абд аль-Мутталиб, мен сени кандай кылсам да Аллахтын жазасынан куткарып кала албайм!О, пайгамбардын эжекеси Сафиййа, мен сени кандай кылсам да Аллахтын жазасынан куткарып кала албайм! О Мухаммаддын кызы Фатима, мен сени кандай кылсам да Аллахтын жазасынан куткарып кала албайм! Мага тиешелүү болгон мүлктөн каалаганыңды сура, бирок мен сени кандай кылсам да Аллахтын жазасынан куткарып кала албайм!”. аль-Бухари 2753 и Муслим 206.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) өзүнүн эң жакын туугандарына ушул сөздөр менен даават кылды.
Улук Аллах Сот Күнү тууралуу мындай деди: “Ал күнү (Аллаhтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллаhтын ыктыярында! ” (аль-Инфитар, 19-аят). Ошондой эле Аллах айтты: “Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат. Апасы менен атасынан дагы. Аялы менен балдарынан дагы! (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!” (’Абаса, 34-37-аяттар).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев