Сенделген сенсиздикке сиңип,
Сепилдей сезимге жеңилип.
Сел болуп агып, сен болуп барып,
Серп эте албаган ойлорго багынам.
Сени эстеген сайын...
Унутта калган элестер кайкып учуп,
Канат күүлөп катар учкан турналардай.
Кайталай берет качанкы кайрыктарды
кыйкуулап ... Эске салат унуткарбай.
Сени эстеген сайын...
Ыйбаалуу ырларга сыйбаган акылсыз
ойлор чулгап алат да, ээрчитип жөнөйт
мени эси жок кыялдарга. Эсирип алган
дүйнөм, эчкирип ыйлайт үнсүз кайрадан.
Сени эстеген сайын...
Унчукпаган узун түндө өзүм менен сүйлөшөм.
Ушаланган ойлорумда уурдалган кусалыгымды
Уучтап барып уйкусуз түндөрүңө таштагым бар.
Сени эстеген сайын...
Себелеген сезимден качпаган,
Сен болуп көңүлгө батпаган,
Седептеп сөздөрдү шурудай,
Сенчелик жүрөккө катпаган.
Сезимди жектеймин кайталап,
Сен деген оюмдан кайтпаган.
Наима
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
Ve şarkılar olmadan üzüntü azaldi
Serin bir yaz geldi,
Sanki yeni bir hayat başlamış gibi
Çiy çimleri nasıl nemlendirir
Haberlerle ruhumu canlandır
Tutku için değil , eğlence için değil
Büyük dünyevi aşk için
Ырсыз эле кайгы дагы тарады..
Мелүүн тарткан жай мезгили негедир
Жаңы жашоо ачылгандай барагы...
Таң эртеде шүүдүрүмдөй себелеп
Жан дүйнөмдү тазалачы, жаңыртчы...
Эрмек үчүн, кумар үчүн болбосун
Дүйнөдөгү бийик сүйүү таанытчы...