Предыдущая публикация
Түндү айдап, күн кубалап жарышып.
Түбөлүктүү бала кезде сезилген,
Атам, апам алыс менден калышып.
Боштук ээлеп, толбочудай сезилип,
Бей тааныш бир, жаш куракка кезигип.
Балалыгым апам алып кеткен го,
Адатынча эркелетип, эзилип.
Бала болбойм эми артка кайрылып,
Барат айлар, жылга алмашып жай жылып.
Баштагыдай бир эркелеп алмакмын,
Калбаганда апакемден айрылып.
Кеткен күндөр, келбес күндөр кайрылбас,
Каректерге тегеретип мөлтүр жаш.
Кагылайын, кудуреттүү жараткан,
Не кылбадың ата энеден айрылбас?
08.09.23 ТТ Бишкек
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев