Мен бактылуумун
===============
Алло жаным кандайсын?
- Мен жакшы, озунчу, ден соолуктарын жакшыбы? Оорубай журосунбу?
- Ооба жакшымын, сага деген кусалык гана мени кыйнабаса менде баары жакшы...
- Чыда жаным, аз гана убакыт калды, бир жылдан ашык куттук, эми уч ай калганда чыдап кой, мен да аран журом... Окуумду бутойун деп калдым ашыгым...
-Ананчы сени канча болсо дагы кутомун, бирок кайтып келсен гана болгону....
-Жаным барганда сага бир нерсе айтамын...
-Макул... Кутомун, чыдамсыздык менен...
-Жаным мага убада берчи!
- Кандай убада?
- Мени менен туболук бирге болом деген...
-Акмагым, омурумдун акырына чейин бирге болом сен менен...
- Рахмат жаным, жакшы жат эртен эртереек туруп сабагына барышын керек!!!
- Периштелер тушуно кирсин, байка шоктук кылба, кыздарга коз салбагынын )))
Мына ошентип, кундон кунго сагынычым дагы артып бара жатты... Эми уч ай кантим отот экен деп чыдамсыздык менен кутуп жаттым, кулундогон суротун кучактай уктап кетипмин... Тушумдо Сымбаттын купкуу болгон, капалуу жузун кордум, мурун дайыма шайыр шатман жузун корчумун... Ошентип чочуп ойгонсом тан атып калыптыр, кийинип алып сабакка жонодум, бараарым менен эле, шакылдаган курбу кызым... Эмне болду Сымбат менен суйлоштунбу? Ооба кече суйлоштум, уч ай калыптыр окуусун бутушуно... Оо жакшы го, шатырата чет тилинде суйлоп келет экен да э? Ооба деп жылмайып койдум, кыялым алыстарга учуп, Сымбатты коз алдыма элестетип, ушунчалык сагынганымды сездим, кечээки бирге болобуз деген создорун эстеп, толкунданып кеттим.. Кызык барганда бир нерсе айтам деди. Ал эмне болду экен... Уйлономун деп айтса керек, деп жылмайып алдым... Окуумдан келип, дароо эле Сымбатты издеп сайтка кирдим, бирок ал жок эле... Колу бошобой журсо керек... Бир сыйра суротторун карап олтурдум... Экообуздун бактылуу кездеги суроттор... Билинбей суйлошконубузго уч жыл отуптур, экообуздун арабызда уруш деле болбоптур, жон гана тултундаша кетебиз.. Ким куноолу болсо ошонубуз дароо кечирим сурайт элек... Ал Америкага кетем дегенин укканда бир кун анын кучагынан чыкпай ыйлаганым эсимде... Эми мынтип уч гана ай калды, кубанычым койнума батпай турган кези... Ошентип эртеси куну дагы суйлошо албадым... Бир аз кыжаалат боло баштадым.. Адатта экообуз суйлошмой сайын уктабайт элек... Бир жума отуп кетти, телефону очук, кабатыр боло баштадым.. Айтор тынччылык болсун деп тиленип олтурдум... Кайрадан сайтка кирип умутум узулбой, кутуп олтурдум.. Суротторду кайрадан коруп чыктым... Ошол кезде анын статусу онлайн болду...
-Берекем кайдасын, мени кыжаалат кылып жибердин дедим чыдабай...
- Салам деди суз гана...
-Эмне болду, кайда болдун?
- Барганда айтам, эртен учам...
- Эмне болду, али уч ай бар элего, тынччылыкпы,?
- Тынччылык эле, жон эле сени сагындым...
Ошентип, так секирип кубандым... Бирок журогум башкача болуп, кумон санап тынчызданып жатты... Эртеси аэропортко барып, алдынан тосуп чыктым... Менден эки метр аралыкта, мага карай жылмайып турду... А мен дароо эле мойнуна асылдым, экообуз залдын ортосунда кучакташып турабыз... Берекем кайтып келдинби, кандай сагынганымды билесинби? Деп булдуруктай суйлой бердим... Анан ал апаларына кетти... Уйго келип, эмнегедир Сымбатка капа боло ыйлап жибердим... Эмне мынча суз болуп калган? Же башка бироосун таап алдыбы? Жок болушу мумкун эмес деп жаттым, дагы да сагынычым таралбай жатты, дагы да коргум келип турду... Апалары менен саламдашкан сон,звонок кылаар деп кутуп олтурдум, бирок эч кандай звонок келбеди... Же анын жаны номерин билбейм.. Эртеси чыдабадым, уйуно жетип бардым, эшигин такылдатайын десем, ачык экен... Сымбаттын кичинекей карындашы ойноп олтуруптур... Сымбатты чакырып койчу дедим... Сымбат байкемди, апамдар алып кетишти, оозунан кан чыкты, анан апам ыйлады... Деп булдуруктай бир нерселерди суйлоп жаттым... Кулагым тунарып, оюм ар нерсеге кетти... Кайра ал кызга кайрыла, эмне бироо менен мушташтыбы дедим... Жок катуу жотолду, анан кан оозунан кооп кан чыкты, деп аянычтуу коздору менен карап турду... Дароо эле оорукананы коздой чуркап жонодум... Залда, бир жерден козун албай олтурган апасын кордум... Ондон азып, кубарып кетиптир.. Дароо эле колунан кармап, тизелей олтуруп эмне болду дедим? Уулумдан Сымбаттан айрыла турган болдум, жалгыз уулумдан... Деп козунун жашын кол кылып жатты.. Эмнеге? Кандайча? Тушундурунчу? Байкушум опкосуно суук откоруп алыптыр, отушуп кетиптир, врачтар онолбойсун дейт... Берекем жакында эле айтып жаткан, апаке жакында барып эле келиндуу кылам деп жаткан, кубанычымды таш капты... Деп солкулдап ыйлап жатты... Оордумда нес болуп эле катып калдым... Демек эрте келгени ошондон экен да... Палатага кирсем, уколдун таасиринде уктап жатыптыр... Ушунчалык сагынган элем, чыдамсыздык менен куткон элем, эми ушинтип кете бересинби жаным... Ичим ачышып орттонуп бараттым, жанына барып, анын жаздыгына башымды коюп, кучактап жаттым... Жаным ойгончу,айтпадын беле бирге болобуз деп, дуркурото той берип, мотурайган балдарыбыз болот дегенин эсинден чыгып калдыбы? Эч болбосо мени ойлоп койчу, сенсиз кантип жашаймын... Журогум жарылып кететго... Жашымды токтото албадым, канча ыйлаганымды билбейм, уктап кетипмин ойгонсом Сымбат чачымдан сылап жатыптыр, коздорунон жашын жаздыкка тамчылатып жатат... Мени коруп, ары карап алды... Жашын аарчып алып мени карады, алтыным, озунду жакшы кара, мени ойлоп коп сыгыла бербе... Озундун тенинди таап бактылуу бол! Чуушь Сымбат унчукпа, башкасы айтса дагы сен ушинтип айтпачы, суранам журогумду бычак менен тилип жаткандай болуп жатасын... Деп ыйлап жибердим, ал дагы чыдай албады, жашоонун ушундай ачуу сыноосуна экообуз тен ыйлап жаттык... Бир аз сооронуп, менин жузумдон аярлай ооп койду, чачымдан сылап аябай сулуу болуп кетипсин... Билесинби сага барганда бир нерсе айтам дегем... Мен сага уйлоном деп сунуш киргизейин дегем... Ошол суйлошкон куну, аябай кыйналып чыктым, тез жардам чакырып ооруканага барсам, айыкпайсын дешти... Оюма апам жана сен келдин... Бир жума нес болуп, жаттым... Олсом дагы Кыргызстанга барып олойун дедим, кызыл диплом менен бутойун деп жаткам, аны да таштадым... Корумо кошо алып кетет белем дипломду... Ошон учун жаным, апама коз сала жур, экообуздун бактылуу болуп жашашыбыз, насип кылбаптыр деп, мени кучактап чачымдан жыттап алды... Уну кыргылдана, дагы бир жолу бактылуу бол деди.!!! Суйуктуу адамындан бул созду угуу, болгондо да башка бироо менен бактылуу бол дегени, жанына тийип, кетет... Ошондон коро, мага арманын айтып ыйлап алса болбойбу... Ошол кундун эртеси, Сымбат дуйнодон кайтты, кабыргам кайышып, жанымдын бир болугу кеткендей боздоп кала бердим. Уйумдун бурчунда бук тушуп, ыйлай берип коз жашым дагы соолуп бара калды... Келечектеги бактылуу уйбуло болобуз деген кыялдардын таш талканы чыкты... Сымбатсыз жашоомду элестете албайт элем... Болочок жарымдын Сымбатымдын оордуна эч кимди кое албайт элем... Озумдун жашоо тиршиликке аралашканым менен, ой жугууртум, бир нерсеге кызыгуум, сезим деген олуп калган эле... Болгону менин турган турпатым гана адам санын кобойтуп турду... Апам чебелектеп, жаны калбай конулумду которойун дейт, курбуларым келип аракет кылат... Бирок мен олгон адамдан айырмам жок эле... Сымбаттын элеси коз алдымдан бир секунд дагы кетпеди... Мындай сезим менен жашоо мен учун кыйын болуп кетти... Бир сыйра жуунуп алып, Сымбатка жаккан желбиреген ак койногуму кийдим, анан олтуруп акыркы катымды жаздым.. Апаке атаке, мен сиздерди жакшы кором, мени кечириниздер, мен бул жашоодо Сымбатсыз омур суро албайм, онолгон ченде деле мен бактылуу боло албаймын. Мен Сымбат менен туболук бирге болом деп соз бергенмин, мен Сымбатка барамын... Кош болунуздар!!! Деп стол устуно койдум дагы, Сымбат жаткан мурзого карай бет алдым... Жаны гана комулгон Сымбаттын топурагынын устуно чоп чыга баштаптыр... Устуно чыгып, топуракты кучактап жаттым... Козум жумулаар замат, Сымбаттын кубарган жузу мага карап турду... Кет дегенсип колун жансады... Канча ээрчисем дагы, ээрчитпей жини келгендей тур корсотту... Демек менин барганымды каалаган эмес. Кайрадан уйго барып, стол устундогу катты алып айрып жибердим... Эсиме Сымбаттын апама коз сала жур деген созу келди... Уйуно барсам апасы катуу ооруп жатыптыр, дары дармек сатып алып келип, кучтуу тамактарды жасап берип жаттым, бир ай дегенде жакшы болуп калды... Анан апасы мага кат берди... Сымбат калтырып кетиптир... Анда мындай жазылган: Билем сага оор, менсиз кыйналып, мумкун олом деп дагы аракет кылаарсын... Озун озу олтуруу бул чон куноо, эсинди жый... Мен сага ишенем сен акылдуу, кучтуу кызсын... Созсуз бактылуу болосун... Коп отпой суйууго дагы кезигесин деп жазыптыр!!! Ошондо ал не дегени тушунбодум!!! Коп отпой эле жашоомдо бир жигит пайда болду, баардык жагынан бар, ыйманы, билими, сулуулугу... Менин арманымды онойлотуп койду, конулумду которуп тез эле тил табышып кеттик... Ал жигит Сымбаттын ишенген досторунун бири экен... Оной эле тил табышып кеттик, бир жыл болбой уйлонуп алдык, жомоктогудай жашоого кезиктим, уул тородум... Бирок Сымбат журогумдун торундо, очпос элес болуп кала берет... Менин бактылуу болушумду Сымбат каалаган эле, озунун ишенген адамына менин бактылуу болушумду тапшырып кетиптир...