Ошондо чоң атамдын айтып берген окуясын көркөмдөп жазып, автомат менен экзамен алдым эле. Достор, ошол кол жазмамды таап алып, эч өзгөртпөй бөлүшүүнү чечтим.
P.S. Эскертүү, филолог, журналист эмесмин, технарьмын
#эч_ким_эч_нерсе_унутулбайт# #жеңиш_үчүн_аталарга_рахмат#
…Балдарым, кудайымдын бул
өмүрдө берген эки белеги,
бул кандуу согуштан аман калтырып
жана маңдайыдагы силер
Жылдар өткөн сайын жаңы муунга тээ 40-жылдары болгон кандуу окуялар жомок сымал угулат. Анткени менен кандуу жылдарда эли, жери, тынчтык үчүн күрөшүп курман болгон адамдардын жаркын элеси ар дайым биз менен. “Эч ким эч нерсе унутулбайт” деген ураан, доордон доорго, кылымдан кылымга өтө ыйыктык менен өтүп келет. Тилеке каршы ошол карыялардын арасы азайгандан азайып бара жатат, көбү Улуу жеңиштин 60 жылдыгына арналган параддан аянттан баспай калганы өтө өкүнүчтүү. Ошол аянттагы ардагерлердин арасында ар бир төртүнчү кишинин атасы, энеси, агасы болсо керек. Ардагерлердин аянтта өтүп бара жаткан учурда толкунданганын, кубанычын жана көз кашын жашыра албай жатканын көрүп өзүңдү кармоого кыйын.
Биздин өлкөнүн Улуу ата мекендик согушунун ардагерлеринин бири менин чоң атам Акунсартов Кадыр, бул киши 80 жашта. “Кызыл жылдыз”, “Ата мекендик согушунун” ордендерринин, “Эрдик үчүн” медалынын, “Гвардеец” төш белгисинин жана көптөгөн сыйлыктардын ээси. Ушул карыянын небереси Эрмеке айтып берген, кандуу жылдарда болгон, өзүнүн башынан өткөргөн окуяга токтоло кетсек.
Эсимде, 6-7 жашта болсом керек, чоң атамдан мындай деп сураганым:
- Чоң ата, эмнеге согушка бардыңыз эле?
- Балдарымдын сендей балдары болсун деп!
- А сиз барбай койсоңуз, балдарыңыздын балдары жок болмок беле?
Кичинекей тапандын суроосуна чоң атасы күлүп кутулду.
Кийинчереек чоңоюп эс кирип калган учурда мектептен согуш темасына арналган чыгармаларды окудук, ошондо мугалим бизден сурап калды:
- Кимдин чон атасы согуштун ардагери?
- Менин! деп кол көтөрдүм.
- Ал киши кайсыл жерде болду эле? деп эжейим сураганда
- Билбейм деген жооп узаттым.
Үйгө келгенде ата-энемен чоң атам кайсы фронтто болгонун сурасам, - Өзүң сурап ал деп коюшту.
Ошону менен жайда келди, каникулга айылга бардым. Барганымдын үчүнчү күнүндө баягы суроо эске түштү. Чоң атам “Генералдык штаб согуш учурунда” атту китеп окуп жаткан. Мен жанына барып, жакыныраак отуруп
- Чоң ата, сиз канчанчы жылы согушка бардыңыз эле? деп баягы суроомду узаттым.
- Кырк үчүнчү жылы. Так жообунан кийин кызыгуум күчөй баштады.
- Эмне деген армияда?
Эсимде жок эмне деп жооп бергенин, бирок пулеметтук ротасында болгомун дегени эсимде.
- Согушта эмне болгонун айтып бериңизчи? Чоң атамдын жанын койбой жабышып алдым.
Чоң атам шашпай көз айнегин чечип, китептин ичине салып, китепти ары алып, үстүндөгү тонун оңдоду да, кебин баштады.
Кырк үчүнчү жылдын жаз маалы. Бир күнү агамдын кыштагынан келсем, апам ыйлап отурат, колунда кармаган кагазы бар кагазды көрүп эле түшүндүм, босогодон эки-үч кадам өткөндөн кийин эле апам кагазды сунду повестка экен.
Районго айылдардан мендей балдарды чогултуп, Фрунзеге алып кетти. Ал жактан кой бөлгөндөй эле бөлүп кетти . Фрунзеден дагыр бир орустардын шаарына алып кетти. Ошол орустун шаарында бир жумадай жүрдүк, аскер кийимин алып, басканды, бурулганды жана көптөгөн аскер иштерин үйрөттү. Ал шаардан да алып кетти. Жүк ташуучу вагонго астыбызга саман аалып салдык жатканга жумшагыраак болсун деп. Ошентип үч күн жол жүрдүк. Вагондо жалгыз кыргыз мен экенмин. Эки күн жол жүргөндө, бир орус ары өтүп, бери өтүп “небилбес” деп чертип ойнойт, ачуум келип карабиндин кундагы менен бир урдум, жерге кулап түштү баягы орустар бири былк этип койгон жок.
Ошентип Орел шаарына келдик, жайгашкан түнү эле “тревога” менен бүт аскер бөлүгүн көтөрүштү да окопторду көздөй айдады. Жанымда аскер бөлүктөн таанышкан Зуфар татар досум бар эле. Ал экөөбүзгө бекитилген бир пулемет “Максим”, Зуфар октойт, мен атам.
Айлана тып-тынч, көзгө сайсыз караңгы, кулагыма жүрөгүмдүн сокконунан башка эч нерсе угулбайт, тирүү экенмин деп ойлоп коем. Бир кезде автоматтын үнү айлананын тынчын бузду. Эч нерсе көрүнбөйт, окоптогу балдар биринин артынан бири сулап жатып калышат. Мен болжолдоп атып жатам, улам оң жагымдагы досумду карап коем, ал бир тасманы октоп бирөөсүн даяр кармап турат. Бизден 7-8 кадам ары катуу үн чыгып жарк дей түштү, ошол жактагы пулеметтун үнү чыкпай калды. Ошондой жарк эткендер удаа-удаа кайталанып турду. Оюмча Зуфар экөөбүз аягына чейин карманабыз деп бири бирибизди карап эле түшүндүк окшойт. Көп өтпөй эле баягы “жарк этме” так маңдайымда жарылды. Эсимди жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам, мени топурак басып калыптыр, кулакта зың деген эле үн. Туруп эле, тамтаңдап пулеметко жетип эле “Максимди” басып жыгылдым. Зуфар, окто! дегениме эч ким жооп бербейт, Зуфар! деп кыйкырдым, кыйкырыгым өзүмө угулбайт, досум жакты карасам бети кызыл жаян болуп көрүнбөйт. Чоюлуп пулеметтун тасмалары жаткан ящиктен үч тасманы сууруп чыгып, өзүмө тарттым. Бирди октоп экинчисин даярдап койдум. Мен кайра ата баштадым, кулагыма эч нерсе угулбайт. Экинчи тасманы октоордо жаныма бир кыз, бир бала келип, мени арыраак сүйрөп, таарга салып көтөрүп жөнөштү. Госпиатальдан контузиямды бир айча даарылашты. Госпитальдан чыгып жолдошторумдун катарына турдум, Зуфар досум көрүнбөйт. Эртең мененки текшерүүдөн биздин ротанын командири капитан Чижовтон Зуфардын дайынын сурадым. Капитан ротадан 28 киши кайра келбегенин, алардын арасында Зуфар да бар экенин айтып, башын жерге салып басып кетти. Ордумда туруп эле калдым, көзүмдөн жаш кетти, ошентип Зуфар досумду жоготтум.
Ошол күндөн баштап ажал качан келет деп күтүп жаттым. Алыстагы ата-энем, туугандарым ойдон кетпейт. Пулеметто туруп фашисттер өтүп кетсе туугандарым эмне болот деп ойлоносуң. Ошол жакын адамдардын аманчылыгы үчүн аягына чейин турдук.
Күрөшүүлөр көп болду. Ротабыз азайгандан азайып жатты, алардын ордун жаш жигиттер менен толуктап жатышты, өмүрлөр кыйылгандан кыйылып жатты.
Орел тынчып калгандан кийин биздин ротаны Каменка кыштагына алып барып жайгарышты. Көп күн өтпөй эле, эртең мененки тизилүүдө
- Эртең кыштакты коргоого чыгабыз, саат 8:00 артдаярдыктан кийин дароо аттанабыз, деди бою жапалдаш орус полковник.
Таң атты туура 8:00дө артдаярдык башталды, окопто жатабыз. Арттилерия дагы артдаярдыкты бүтүрдү. Айлана тынчып калды. Эмне болоорун элетстете албай жатабыз. Бир нече убакыттан тээ алыстан чаң ызгып немисттер келе жатты. Баягы чаң жакындап келе жатты. Огонь! командирдин буйругу даана угулду. Кулак көнгөн ызы-чуу башталды, жанымдагылар биринин артынан бири кулай баштады. Зуфардан кийин бир жаш орус жигитти Володяны жардамчы кылып беришкен. Күрөш көпкө узады, Володя октойт, мен атам. Ушинтип коргонуп жаттык. Снаряддар удаа-удаа жарылып жатты, снайперлер пулуметчуларды “терип” жатты. Бир кезде башыма оң жактан бир нерсе каттуу урулду. Андан кийин эсимде жок. Көзүмдү ачсам баягыдай кулакка эч нерсе угулбайт, Володянын ордун карасам жардамчым жок. Туш-тарапты карасам бир да тирүү жан жок, алдымды карасам карабин жатат, алганга аракеттендим, бирок колум жылбай сыздап ооруду, колумду карап, канды көрүп, жараат алганымды эле түшүндүм. Окоптон чыгып бир аз соймолоп өткөндөн кийин эле, автоматтын үндөрү угулду, артымды карасам үч немистин солдаты келе жатыптыр. Колумдагы канды бетиме шыбап, жатып калдым. Бири келип башка тепти, мен жата бердим, өз тилинде бирдеме деп сүйлөп кетип калышты, турбай жаттым. Баш көтөрүп карасам эч ким көрүнбөйт. Туруп карабинимди сүйрөп жөнөдүм. Алыс эмес жерде көзүмө бир там көрүндү, тамга жетип эс алайын дедим. Бир нече убакыт отурп суу издеп жөнөдүм. Бир короого киргенимде жыйылган отунду көрдүм, эмнегедир ошол жака бастым. Отун жыйылган жер мал кармаган сарай экен. Сарайдын эшигин ачып кирсем бир караан көрүндү – Токто, жакындаба, атым салам! Сен кимсиң? деген үн чыкты. Мен ким экенимди айттым. 35-40 жаштагы орус экен. Ал экөөбүз сарайда үч күн жашындык. Орус бутунан жараат алыптыр.
– Сен, мени бөлүкө жеткиресиң, жеткирбесең атып салам! деди. Мен дароо эле куралымды карадым. - Карабай эле кой, огу жок. деди орус.
Эмне кылганын түшүндүм. Суу ичпегендиктен тилибиз көөп оозго батпай калды. Күн мурда жаан жааган, саман чатырдын жыртыгынан өткөн суу көлчүк болуп калган. Ошол көлчүкө куурубузду ыргытып, куурубузду сооруп жаттык. Аягында куурубуз жумшарып калыптыр, ачка болгон жаныбыз куурду жеп койдук. Ошентип ал күн да өттү. Эртеси таң атканда, орус кыймылсыз отуруп калыптыр, тыңшасам дем албайт, өлгөнүн түшүндүм, үстүнө күрмөсүн жаап койдум. Бөлүктү көздөй жөнөдүм. Бөлүккө жеткенимде, командир – Сен тирүүсүңбү, сени өлдү экен дебедим беле, бир аз кечиккенде ушул кагаз үйүңө жөнөмөк деп “кара кагазды” колума карматты.
Андан кийин үч ай госпитальдан госпитальга которулуп жүрдүм колумдун жараатын жана экинчи контузиямды дарылап он беш күнгө үйгө жиберди. Үйгө келип ата-энеме, туугандарыма жолуктум. Берилген мөөнөт да өттү. Аскер комиссариатына барсам жаратпай салышты. Экинчи жолу бардым кайра жаратпай салышты. Колхоздо иштеп калдым. Мына сендей неберелерим чоңоюп келе жатышат. –Аман эле болгула деп чекемен өөп койду.
Жарым жылдан кийин сүйүнүчтүү жендик деген кабар келди.
1995-жылы Улуу жеңиштин 50 жылдыгына арналган эскерүү китеби чыккан, ошол китепти барактап мындай деген жазуунун окудум:
Акунсартов Кадыр 1924-жылы туулган Кырг.ССРи, Тоң району Ала Баш а.
1943-ж. Орлов обл. Краснин р-ну Каменка кыштагында өлгөн.
Кадыров Э.Т. ОБД-1-04 гр.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев