Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Уулумду өзүнөн он жети жаш улуу аялдан сактап калдым
Мен өзүм тажрыйбалуу психолог болуп, көп кишиге жардам берип, көп көйгөйлүү иштерди чечип жүрүп, бүгүн айламды таппай үстөлдүн үстүндөгү гүлдү тиктеп ойлуу отурдум. Кандай кылам? Эмне кылам? — деген суроолор жаап, жооп табалбай отурам. Биринчи келин уулум үйлөнүп эле бөлүнүп кетишкен, бизге пайдасы да зыяны да жок, өзүлөрүн эптеп кетсин деп жөн койдук. Экинчи келиним, айттырбай кылган, тыпылдаган келин көрүнгөн. Бара бара көнүп алгандан кийин өнөрү чыга баштады. Идиш аяктан кутулганыма сүйүнүп баары сеники, сен билесиң деп койсом, жаш неме туура эмес түшүнүп алды окшойт. Тамак аш асмандан түшкөндөй, сарамжалдоону билбей пайдаланат. Чиритип