Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Аида: “Күйөөм мени менен бир төшөккө жатуудан качып жатат
– Мен 32 жаштамын, жолдошум 35те. Ортобузда таттуу уул-кыздарыбыз бар. Үчүнчү наристебиз бир жарым жашта. Баш кошконубузга быйыл 10 жыл болот. Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-бирибизди жактыруу менен турмуш баштаганбыз. Жаш үй-бүлө болсок да жашообуз берекелүү болуп, турмуштун кыйынчылыгын деле көргөн жокпуз. Бири-бирибизди абдан сүйөбүз. Айрыкча жолдошум ушул күнгө чейин катуу кеп айтып көңүлүмдү ооруткан жок. Балдарына да жакшы ата. Бирок акыркы алты ай ичинде бизде бир түшүнүксүз, кыжалат кылган абал пайда болду.
Мындай кырдаалга кантип кептелгенибизди байкабай да калдым. Себеби башында баары кадыресе көрүнүш сыяктуу эле. Кенжеб