Баарыңыздарга белгилүү болгондой, паспорт, ID карт жана башка документтердин баары өзүбүздөн чыга баштады.
Буга чейин “чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен” деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат.
Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт.
Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады.
Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп.
Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт!
Ушуга байланыштуу ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзөбүз.
Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт.
“Учкун” мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июльга даяр болгула.
Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат.
Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла.
Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы граждандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрөбүз.
Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек.
****
Уважаемые кыргызстанцы!
Как всем известно, паспорта, ID - карты и другие документы теперь производятся у нас.
Ранее ходили слухи, что «иностранным гражданам продаются паспорта Кыргызстана».
К сожалению, были случаи, когда такие слухи оказывались правдой.
Возможно, и сегодня многие иностранцы имеют на руках паспорта и ID-карты Кыргызстана.
Их срок действия может составлять от 5 до 10 лет. Конечно, после истечения срока все они станут недействительными.
В дальнейшем не будет понятия поддельного паспорта или поддельной ID - карты Кыргызстана.
Подделать их невозможно, так как они содержат множество скрытых защитных элементов.
Кроме того, как раньше, направо и налево, всем подряд, продаваться не будут!
Потому что паспорта теперь производятся у нас.
В связи с этим мы проводим акцию по бесплатной замене ID-карт. Акция пройдет с 1 июля
по 31 августа.
ГП «Учкун» и Министерство цифровизации, будьте готовы к 1-июля.
После этого замена будет осуществляться по прежней цене, а именно за 600 сомов. Поэтому поторопитесь бесплатно обменять свои ID-карты.
Что касается общегражданских паспортов, то у нас пока нет финансовой возможности проводить бесплатную замену общегражданских паспортов. Однако, как только она появятся, мы также проведём акцию по их бесплатному обмену.
Только таким образом, в короткие сроки мы должны полностью перейти на паспорта,
которые производятся у нас.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев