Эртең менен жана кечинде окулуучу зикрлер,жадыңызда жаттап күндөлүгүңүзгө жазып алыңыз,мусулман бир тууган?!
1.СУБХААНАЛЛАХ-Аллах бардык кемчиликтерден таза зат.
2.АЛЬХАМДУЛИЛЛААХ-Шүгүрлөр таза Зат болгон ааламдардын Роббиси Аллага болсун.
3.АЛЛАХУ АКБАР-Аллах улук.
4.ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛОХ Аллах Тааладан башка сыйынуучу илах жок.
5. ЛАА ХАВЛА ВА ЛАА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛААХ-Эч кандай күч-кубат жок, бир гана Алланын жардамы менен гана.
6.СУБХААНАКА АЛЛОХУМА ВА БИХАМДИКА-Сен тазасыӊ,Аллахым Сага мактоо болсун.
7. ЛАА ИЛААХА ИЛЛАА АНТА СУБХААНАКА ИННИИ КУНТУ МИНАЗЗООЛИМИН-Сенден башка ибадат кылууга ылайык Зат жок, жабыр кылуучулардан болуп калдым.
8. АСТАГФИРУЛЛОХ-Аллах мени кечир.
9. АЛЛААХУММА СОЛЛИ ЪАЛАА МУХАММАДИН ВА ЪАЛА ААЛИ МУХАММАД.
Ушул зикирлерди эртең менен кечинде 100 жолудан толтурсак,абдан жакшы болот
ИН ШАА АЛЛАХ.
Сиздерге эки дүйнө бакыт каалап. Бактылуулукка карай дегим келет. Ар бир агарып аткан таңдын нуру берекелүү болсун! Дүйнөнүн сулуулугун, бейкуттугун сактаган ата – энеңизге күйүмдүү болуп, тууганды туу тутуп, достукка бекем болуңуз! АЛЛАХ ТААЛАМ бир дагы пенде калтырбастан баарыбызды бактылуу кылсын. Жерибизге тынчтык, Элибизге ынтымак берсин
Окуп жана бөлүшүнүздөр... https://ok.ru/group/53470710661203
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев