2-бөлум
Жыпара телефон чалып Бакыттын кабарын биле албай түнү менен уктабай тынчсызданып чыкты.Оюна бир кырсык болбоду бекен деген да ой келбей койгон жок.Сүйөм деп эле турган Бакыттын дарексиз жок болуп кетиши Жыпараны терең ойго салды.Чындап эле сүйсө бир кабарын берет эле го деп ыйлап жатып уктап кетти .Будильниктин чыңгырашы менен тең жарыша ойгонгон Жыпара уйкусу канбай калгандыктан башы ооруп чыкты.Тургусу келбей араң турду да кийинип алып жумушуна жөнөдү.Бакытты жумушуна келип калгандыр дегендей арткы жүк жүктөөчү эшик аркылуу кирип келди да ал жерде иштөөчү жигиттерден Бакытты көрбөдуңөрбу деп сурады.Келе элек деген жоопту угуп Жыпара дагы таң кала,бир чети чочулай өзү иштеген бөлүм тарапка басты.Барса чогуу иштеген кыздар эчак эле кийинип товарларды иретке келтирип жатышыптыр.Жыпаранын уйкуга канбаган түрүн байкаган курбусу Асель жылмая,, Бакыт экөөң кино көрүп,анан түнү менен уктабай махабат майданында гүл терип чыккансынар го",-деп,шакаба чегип,Жыпарага тигилди.Жыпара ,,анан айтып берем ,"--деп чечинүүчү бөлмөгө карай кетти.Артынан карап калган Асель,,ушул кыз бара бара сүйүүгө мас болуп баратат ээ ,"--деп ,көзү менен узата жылмайып кала берди.Жыпара экөө тең,курбу болушуп мамилелери жакшы.Сырдашып кээде жумуштан кийин чогуу тамактанып бир биринин сырларын угушуп,керектүү жеринде кеңешин айтышып тура турган.Асель жумушка орношкондо эле Жыпара менен дос болуп билбегенин сурап , өзү дагы Жыпарасыз туралбай басса турса чогуу эле.Жыпара кийинип келген соң жумушуна киришип товарларын тизип иреттегенге өөттү.Бир аз тыныгуу боло калганда Жыпара Аселге жакындап:
-- Бакыт жок,түнү менен кабарсыз.Телефону өчүк.Ошону ойлоп түнү менен уктабадым ,--деп айтты.Асель чын айтып жатабы дегендей Жыпараны жүзүнө тигилип эч кандай тамаша эмес экенин түшүндү.
--Каякка кетиптир,досторуна телефон чалдынбы ,--деп Асель да сарсанаа боло баштады.Кайра жумушуна киришип кетишип түшкү убактысында кайрадан Бакыт жөнүндө сүйлөшө башташты.Бир кырсык болбоду бекен деп ойлошуп милицияга чалышып,, Акматов Бакыт деген силердин бөлүмүнөргө тушпөдүбу ,"--деп сураганда,,андай адам бизде жок,"-- деген жоопту угушуп бир аз болсо да көңүлдөрү ток болуп калды.Демек ,зарыл жумуштары менен айылга кетсе керек деп өздөрүн жубатышты.Бирок андай болсо эскертип айтып коймок да.Жумуш күнү аяктап Асель экөө милиция бөлүмдөрүн кыдырмак болушту.Оң жыйынтык чыкпаган соң бүгүн кабары болбосо эртең жоголду деп арыз жазмак болушту.
Бакыт самандын үстүндө отуруп байланган колу чымырап калгандыктан колун ушалап ,эмне айла кылуу керектигин ойлоп отурган.Бир убакта сырттан добуш угулуп анан тирелген нерсеси алынып кулпусун ачып тиги экөө кирип келди.Колунда кармаган бир бакалашка суусу да бар.Бакытты көрө сала:
-Ии баатыр,тируусунбу ,--деп какшыктап койду.Колу чечилгенин көргөн беркилер,,муну кара ,колун дагы чечип алыптыр ,"--деп бирок ,урушпай эле жөн айтып мээ деп сууну алдына таштап койду.
--Ээ,жигит,биз сага жаман айтпадык го,эмне качтың,дагы атып салбаганыбызга рахмат айт.Бир тапшырма аткарып анан бошсун дедик го.
Сууну кулкулдатып ичип жаткан Бакытты карап ушуларды айтты да,, бас шеф өзү келди бошотсо койсо өзү билет,"-- деп колтуктап тургузуп жетелеп жөнөдү.Караса үй жакта кечеги Геленваген турат.Бакыт урунуп сындырып алган күзгусу кайра оордуна коюлуптур.Уйгө жетелеп киришкенде кечеги чоңу жана дөңкөйгөн айдоочусунан бөлөк дагы сакалчан Кавказ улутундагы бирөө бар экен.Кавказдык Бакытты тиктеп калды да орусчалап муңунар ишеничтүүбү деп чоңдон сурап калды.Бакытты кол жаңсап алдына чакырды да :
--Эй жигит,жакшы сөз сага жарашпайбы, бүлдүргөн нерсеңди төлөбөй качмак болдуңбу.Билесиңби акмак,сендейлерди бир колума салып экинчи колум менен жалпайта чаап өлтүрүп салам.Сенин айынан кече товар жетпей калды.Качып кутулуп кетем деп ойлодуңбу?Жерге кирсең чачынан,асманга чыксаң бутунан тартып кармап алам деп бир чети ачуулана бир чети коркутуп жатты.Чөнтөгүнөн телефон алып чыгып ,бул телефондогу баардык тууганын, апаң, керек болсо сүйгөнүң да бизге маалым.Бир эле солго басчуу болсон алардан айрылып өзүн да бирди көрөсүң.
Бакыттын телефонун өйдө көтөрүп өзүнө көрсөтүп ичиндеги сүрөттөрдү көрүп жатты.Бакыт эми чындап коркту --Байке ,кечирип коюнузчу ,мен байкабай сындырып алдым макул төлөп берейин.Айылда уй деле бар сатып келип төлөйүн.Макул десеңиз өзүңүздү алып барайын.Бирок,апама, сүйгөнүмө тие көрбөңүз.Алардын күнөөсү жок,-- деп безеленип ыйламсырап айтып жатты.Бирок, укчуудай түрү жок.Кавказ улутундагы кишини көрсөтүп:
-Товар ээси ушул.Алып барып бербесең ушунун колуна салып берем ,--деп сөздү токтотту да,тиги бөлмөгө алып кир деп буйруду.Кечееги бөлмөгө киргенде столдун үстү дүйүм тамак,тооктун грили,нан самсылардан бери турганын көрүп курсагы ачканынан сурабай эле барып орундука отуруп тамактанып кирди.Эшик жабылып сыртынан кулпулаганы угулду.Бакыт ойлонуп койо беришпейт окшойт,мейли алып өтүп берейин да,анан бул жерден кетейин деп тамактан жеп суусундуктарын ичип курсагын тойгузуп жатты.Сырткы бөлмөдө сүйлөшкөн үндөр угулуп анан бир убакта сыртка чыгып кетишкенин билди.Терезеге барып карамакчы болду эле бирок терезе терс жакты карап турган үчүн аларды көрө албады.Сырткы бөлмөнү тыңшап алардын баары чыгып кеткенин билди эшик мурдагысындай эле бек болчу.Кроватка жатып турайын деп көзү илинип кетиптир.Бир убакта эшик ачылып,бири кирип келди да Бакытты: --Тур ,чык быякка,-- деп буйра сүйлөп ,өзү чыгып кетти да, Бакытты күтүп туруп калды.Бакыт акырын басып сырткы бөлмөгө чыкса экөөнөн башка эч ким жок экен.Демек ,мындай деп шартты түшүндүрө баштады.
--Азыр биз жакынкы чек ара жака барабыз да сага мобу даярдалган кемзирди кийгизип чечилип кетпегидей кылып танып койобуз.Анан,сен биз көрсөткөн жерден суу аркылуу сүзүп ары өтөсүң.Ары өткөн соң бадал менен жашырынып жүрүп отуруп бир дөңгө туш болосуң.Акырын чыгып эки жакты байкап турасың.Ошондо ары жактан машинанын жанып өчкөн жарыгын көргөндө,алар сени күтүп жаткан белгиси болот.Коркпой ,ошол жарыкка барсаң,сенин үстүндөгү кемзиринди чечип анан сени бошотушат.Кайра эле ошол жол менен келип суудан сузуп өтөсүң.Биз сени күтүп алабыз деди.Тапшырма түшүнүктүүбү,-- деп,Бакытты эч катасыз аткар дегендей заар чачкан көздөрү менен карап өттү.Бакыт,алып барып кайтканда да булардан жакшылык күтпөөсүн билди.Кандай кылып кутулуп кетем деген ой кыйнап жатты.Бакытты машинага салып түндө каякадыр айдап жөнөштү.Бир кыйла жүргөн соң ээн талаа менен жүрүп отуруп бир жерге келгенде жарыгын өчүрүп дагы бир аз айдап барышты.Белгиленген жерге келген соң,беркилер машинадан түшүп эки жакты акмалап карап жатышты.Эч кандай шыбыш билинбегенин билишкенден кийин Бакытты машинада түшүрүп ,баягы кемзирин кийгизди.Салмагы жети ,сегиз килограмм болгон бул кемзирди скоч м-н бекем айлантып ороп коюшту да Бакытты жетелеп дагы эки жүз метрче басышты.Андан соң агып жаткан суу көрүндү.Суу түндө аппак болуп көрүнүп турду.Бакытты отургузуп алып шыбырап дагы буларды айтышты,,айтканды так аткар,биз күтүп турабыз.Эсинде болсун качам деп ойлобо.Укуругубуз узун таап алабыз.Эмдигисинде аябайбыз деп,жөнө дегендей артынан түртүп жиберди.Бакыт эңкейе чуркап сууга жакындады да артын бир карап алып сууга кирди.Суу муздак тыгынан ичиркенип кетти да басып бир аз барган соң сүзүп жөнөдү.Бул жер чынында эле кароосуз жер болчу.Эки жактын тең чек арачылары белгиленген күнү бул жакты карачуу эмес.Себеби ,чоңдору да табакташ болгондуктан белгиленген убакта коридор ачышып тек коюшчу.Товары өткөн соң тийиштүү кызматын алып,кийинки белгиленген убакты күтүшкөн.Мындай ыкма көптөн бери эле келе жаткандыктан,чек арачы бар да билишчүү.Офицерлери ал жака барбагыла дегенде миллиондор кетти деп бири бирин тамашалап коюшчу.Бакыт,муну билчуу эмес.Казак аскерлерине түшүп калбайын деген ою менен сүзүп суунун оортосуна барды да кайра жээкке карай сүзүп жөнөдү.Алыстан,тигилерге көрүнбөдү.Суунун агымы ылдый алып кеткендиктен төмөн барып чыкса керек деген ойдо болушту..Барып кайтуу эки, үч саатты талап кылгандыктан бул экөө чөпкө жатышып караңгыда көздөрү алысты көрбөсө да тигилип суу тарапты карашат.Чиркейге таланган бул экөө дембе дем тамекинин жарыгын бекитип чегишип Бакытты күтүп жатышты.Убактысы өтүп тынчсыздана саатты карашып даале болсо көздөрү сууда.Таң жарып келаткандыктан же колго түшүп калды же адашып кетти деген чечимге келишип,машинасы жакка карай басышты.Жол катары көрүнүп калабы дегендей артын карап келатышты.Машинасына келгенде таң жарып алыстагы киши көрүнөт турган болуп да калды.Телефон чалганга бул жерден связь тартпайт эле.Бакыттын жоголгонун айтып коюу керек экенин ,чоңуна айтып коюуну эп көрүп ,машинасын буруп айдап жөнөштү.Жакынкы айылдарга жете келген машина тык токтоду да экөө чоңуна телефон чалып киришти.Эмне болгонун айтканда тиги жактан барган болсо кабар кылат.,,Сарсанаа болбой койо тургула.Ошол жерде күткүлө ,"--деген буйрук келди.Курсактары ачканга бир аз шам шум этип алалы дешип баштыгындагы сендивичти суусундукту алышып жеп киришти.Бир кыйла отурган соң телефон чырылдап калды.Ала койсо чоңу союп жаткан торомпойдой ачуу кыйкырыгы менен кыйкырып,, жөнөткөн балаңар барбаптыр.Күтчүү адам түнү менен белгиленген жерде күтүп,келбеген соң артка кайтыптыр,"-- деп кыйкырып эстерин оодарды.Кайра барып ошол жактан акмалап карагыла деп кыйкырып сүйлөп жатты.Чоңунан мындай кыйкырыкты уккан экөө сөгүнгөн бойдон келген жагына машинасын айдап жөнөштү.Жол катары элеңдешип карап баратты.Бирок Бакыттан дайын жок эле.
Бакыт сүзүп жээкке чыкандан кийин бир аз демин басып алып тигилер көрүнбөйт бекен деп эки жагын карап алып эңкейип жортуп жөнөдү.Суу болгон денеси кургап,өзү тынбай чуркагандыктан энтиге баштады.Чарчаса да алысыраак барып алайын деген ниетте токтобой кете берди.Кыйла жортуп жүгүрүп чарчап калганга бир демин басууга чөпкө жатып алып эки жакты байкап турду.Алыстан жарык көрүнүп,иттин үргөнү угулуп анан кайра басылып калды.Бакыт эмне болсо да айыл тарапка жакындабоону чечти .Талаа аралап бара берсе бир кеп болоорун боолгоп,бекинип кайра чуркап кете берди.Таң жарып алысты көргөнгө мүмкүнчүлүк болгондо айыл көрүнбөй кандайдыр бир катар тигилген бактар бар экенин.Жана камыштан коюу болуп өсүп турганын көрүп ошол жака карай жүрдү.Бир аз демин басып ошол жерде акмалап эки жакты карап байкоо жүргүзүүгө болот экенин ойлоп ошол камыштарга жетип ичине кирип кетти.
(2-бөлүмдүн аягы ,уландысы бар)
Автор:Каныбек Кыргызбаев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2