Кандагы канттын деңгээлин түшүрүүчү дарыларды ичпестен , канттын деңгээлин көтөрбөй турган тамактарды жеш керек.
Ооруну ойлоно бербе , ойлонсоң ооруу сени ээлеп алат.
Бул оору -оору эмес , ушундай жашоо образы . Ага көнүш керек. Мүмкүн эмес деген тамакты жебеш керек.
Таттуу , куурулган , камыр оокаттардан баш тартуу керек.
Эң негизгиси нервти этиат кылгыла. Ачууга алдырбагыла. Капа болгонго жол бербегиле. Чогуу жашагандар , диабетиктерди этиат кылгыла. Эч качан капа болгонго жол бербегиле. Ал эми диабетикке айтаарым , жакшы , тынч жашоого аракет кылгыла. Сөзсүз 1 дарылоо врачыңар болуш керек. Учетко тургула , врач белгилегендей дарылоо курсун алып тургула.
Тамак рационуна дагы эмнелерди кошуш керек.
Чалкандын же малинанын жалбырагын таза жууп , көлөкөгө кургатып, ХБ материалга сактап , майдаланган 2 ст л 200гр сууга демдеп ичсе , суусаганы азаят.
Малина , кулпунай көп жегиле. Составында инсулин бар.
Топинамбурдун 2шт гун алып чийки түрүндө салат кылып жесе , уйку бездин иштөө функциясын жакшыртат.
Гречканы сууга бышырып , айран кошуп ичсе , боордун , уйку бездин ишин жакшыртат.
15 -20 даана жаңгактын дан тосмолорун 200 гр сууга акырын кайнатып 1 күндө 3 бөлүккө бөлүп ичүү керек. 10 күн ичүү керек.
10 күн- 1 даана чийки жумуртканы жарып, куюп 1 шт лимонду эзип , ширесин аралаштырып ичүү керек.
Жөө көп басуу керек.
Туура дем алуу керек.
Дененин бир жерин кесип алгандан этиат болуу керек.
Эки колдун алаканын , эки буттун таманын тынбай массаж кылуу керек. 1 күндө 2 жолу жок дегенде.
Мандариндин кабыгын чай кылып , сулунун суусун ичиш керек.
Ак фасолдон 3-4 шт алып , жууп , үстүнө 100 гр суу куюп , бетин жаап коюп , эртең менен фасолду жеп суусун ичип алат. Кантты нормага салат.
1 жылда 1 жолу 17 күн --- 4-5 пиязды туурап 1л банкага салып үстүнө , кайнатылып муздатылган сууну куят , тамакка чейин 20 мин 1 күндө 3 маал 70гр ичет. Үстүнө дагы сууну толуктап коё берет.
Ышкындын түбүн кайнатып ичсе кант нормага келет.
Тыттын жалбырагын , бака жалбыракты , койчу баштыкты кургатып ар биринен бирдей өлчөмдө алып сууга акырын кайнатып , оокатка чейин 1 күндө 3 маал 50 гр ичет.
Ооруну өтүштүрүп албаш үчүн диетаны жакшы сактап , жогорудагы мен айткандарды пайдалануу керек.
Мындан сырткары диабетиктер жүрөк кан тамыр , бөйрөк ооруларынан кыйналып калбаш үчүн өмүр бою ичип жүрүүчү чөптөр бар. Канды тазалайт , кан басымды нормада кармайт , креатинди нормага кармайт , бөйрөктү туздан , белоктон тазалайт , колу буттун оорусунан сактайт, эске тутууну , апетитти жакшыртат, уйку нормада болот.
Окугандан кийин , башкаларга жардам бергиңиз келсе бөлүшүп коюңуз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев