Төөбүз көккө жетип турса дагы,ийилип салам берип,кичи пейил кудайдын сүйгөн пендеси болойлу...
Кыска нуска сүйлөсөң сындаган бар
Арасынан чыга калат акылмандар
Андай эмес мындай болот деп сүйлөшүп
Сөздөрүңдөн кычык табып аңдыган бар
Бир туугандын капысынан жаман сөзү
Билинбестен өрттөп өтөт жүрөгүңдү
Балам деп бапестеген балдарыңдын
Байкатпастан ороңдоп сүйлөгөнү
Жанчып кетет жашытып көздөрүңдү
Жубайым сүйүктүүм сүйгөн жарым
Турмуштун татталычы таттуу балын
Эрди катын урушун угуп калдым
Жылдар өтүп казан аяк кагышканын
Досум деп досторуңа ишенесин
Душман болуп калганын кайдан билдиң
Кичинеңден кучакташып кан дос болуп
Колдо жок жардам сурап кайрыламын
Каткырыгы таш жарып карабаган
Кэрек эмес кэрсейген жалгандан достун
Көңүл деген гүлдөй назик ачылбаган
Көңүлүбүз оорубасын муң кайгыдан
Чарчагандай көңүлүбүз суук сөзгө
Чырпык сымал сындырганбы кимдир бирөө
Жашоодо жаңылбайлы кайгы тартып
Жараланган жүрөктөргө азап салып
Жалган жашоо бул дүйнөдө сыйлашалы
Жашыбайлы жаман сөздөн көңүл калып !
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев