Биз бала кезде карылар " эээй, кечоо коргон-бугун жок"-, деп калышчу.
Андан бери далай суулар агып, нечендеген жылдар отуп, олум жашарып, ооруулар кобойду.
Азыр болсо, эми эле корсон, ананыраак жок болуп калган заманда жашап калдык.
Бир, эки саат мурда телефон менен каткырып суйлошкон кошуна эжем, кечке жетпей узулуп кетти.
Кан басымы тушуп кеткен экен...
Ыйманы саламатта болгур кошуна эжем, мага бир тууган сымал болуп калган эле.
Ананчы, бир тууган болбой...
Мен кенедей келин кезимден кошуна турдук.
Ошол кундон ушул маалга чейин, башыбыздан откон жамандыкка дагы, жакшылыкка дагы куболош журдук.
Кыйын кездерде мага бел болуп, ыйласам кошо ыйлап, кубансам коштоп,наны жок отурсам божондоп барып, чакасына ун толтуруп жетип келчи, куйугуп.
Аябагандай соз которумдуу адам эле..
Мына, эми жок...
--"Карыганда мен кантем, мандай-тескей отуруп, чай ичуучу элек,менин артымда сен калсан болмок", -деп мункурогон абышкасы калды.
-"Каратып туруп алдырып жибердим", -деген кызы калды буркурап.
Эркелеген уулдары, бозала болгон неберелери калды... Калды... Калды... Калды....
Олум кучтуу, олум ак... Олум чындык.... Олум мезгилсиз... Олумдун озунун убакыт-сааты бар...
Олум оз саатын карайт дагы, убакыты келгенди жетелеп алып, журуп кетет...
Олум-ушунчалык кучтуу, ачуу-анык....
Бир тууган куйоо балам уктаган бойдон кете берген.
Бир тууган жалгыз иним "эжекелеп", -суйлогон жатып, тромб жарылып андан айрылгам....
Балапан кезде учуп кеткен уч балам...
Ата-энелерим 50 жашка чыгып-чыкпай коз жумушкан...
Эстей берсен, аягына чыкпайсын....
Байбичелер айткандай " башы эсен, боору бутун ким бар дейсин"!!!
Менин айтайын дегеним;
Козунун нуру кетип, денеси муздаган адам бери кайтып келбесин билебиз...
Анан, эмнеге тируучулукто бир ооз жылуу созду ыйынып-ычкынып аран чыгарабыз,жаман айтышабыз, тируусундо бир шоколад алып бергенден аянабыз дагы, олсо баштыкка толтуруп таттуу-тарапа которо чуркайбыз????
Тируусундо бир тоок бергибиз келбейт дагы, олсо союш жылкысына жанталашып акча чогулта калабыз, бат эле???!
Таарынышып кетсек, кечирим сурап жандуу бетинен опкондон намыстанабыз...
Анан эле олуп калса, зынкыйып катып калган денеден кечирим сурап, таштай муздак чекесинен опкулоп калабыз....
Келгиле, азыр... так азыр...ушул муноттордо...
Жаныныздагы жакыныныздын колунан жумшак кезинде кармап, жузу жылуу кезинде ооп-ооп алыныз...
Кучактаныз...
Алыстагыларга кат жибериниз же чалыныз....
Тил-ооздон калган кезинде эмес....
Дал азыр суйлоп турган кезинде ыраазычылык билдириниз... кечириниз, кечирим сураныз....
Топуракка тушкондон кийин, корду тытмалап "ыраазычылык" же "кечирим" суроонун кажети жок.
Ал жагын "Чын дуйного" баргандан кийин "кечируу же кечирбоону",АЛЛАХЫМ озу чечет.
Биз, тируулор бул жалгандагы " вазийпабызды" аткара берели....
Таарынтышпайлы, сыйлашалы...
Жылуу соз, жакшы мамиле бекер эле да....
Бекер созду аянбайлы, бири-бирибизден...
Мен СИЗДЕРДИ жакшы кором....
Мезгилсиз олум болбосо экен....
Элибизде ынтымак, Жерибизде тынчтык болсо экен!!!
ЭЛМИРА ТАЛАСБАЕВА.
#олумак
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев