– Баш кийимди бийик кой.
– Баланы башка урба.
– Атты башка чапба.
– Күл дөбөнү баспа.
– Кыркы чыга элек баланы көрсөтпө.
– Акты сатпа (азыр сата башташты).
– Өзүңдөн улууга каяша айтпа.
-Душманга колтугунду ачпа,
-Мекенди көздүн карегиндей сакта!
– Булакты көрсөң көзүн ач.
– Түндөсү тырмак алба.
– Түндүктү эркек көтөрөт.
– Жети атасын билбегенди кул дейт.
– Аксакалдын алдынан өтпөйт.
– Оорулууну түндөсү көрбөйт.
– Сөздү билген сүйлөйт.
– Жолду билген көрсөтөт.
– Бала төрөлгөндө сүйүнчү берет.
-Ата-эне балдарга энчи бөлөт.
-Жигиттик намыс, кыздык абийир өлүмдөн өйдө турат.
-Устатына шакирти каршы чыкбайт.
– Чакыруусуз өзү келген конокту кудайы конок дейт.
– Үйгө келген кишини «келиңиз, нан ооз тийиңиз» дейт.
– Үйдөн жылан чыкса өлтүрбөй, ак чачып чыгарат.
– Алыс жолдон келген кишинин башынан тегеретип суу чачат.
– Тажыяга баратып башка иш жасабайт.
-Өлгөн кишини жамандабайт.
– Атчан киши жөөгө салам берет.
-Жеке адамга караганда элдин жолу улуу болот.
-Катачылык кетсе, биринчи кечиримди кичүусү сурайт.
– Төргө аксакал же жолу улуу адам олтурат.
– Устукан улуулата, же жолу улуулата тартылат.
– Жол улуу, жөн билги, сөз билги адам бата берет. ж.б...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев