Предыдущая публикация
Жөнөкөймүн, кедей эмес, бай эмес,
Жашоо жолум кенен бирок тар эмес.
Жакшы көргөн кесибим бул тигүүчү,
Жетишерлик маянам бар. аз эмес.
Адал эмгек мээнет кылып тапканым,
Кереги жок мындан артык башканын.
Шүгүр деймин чеберчилик өнөр бар,
Бүрүп алам көйнөгүмдүн жакканын.
Мага жолдош тигүүчүлүк машинам,
Дос болгомун аны менен башынан.
Метр, кайчы, ийне, жиптер күтүшөт,
Таң атпастан жумушума шашылам.
Ээси болом дал ушундай кесиптин,
Жаштайымдан сүйүп ага берилдим.
Азыр мына салым кошуп азма-аз,
Жарап келем тигип кийим элимдин.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ СВЕТБЕКОВНА
25.08.2024 Ж
АКСЫ РАЙОНУ ТЕГЕНЕ АЙЫЛЫ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 7