( 15- бөлүм)
Жаш баладай апакемдин көкүрөгүнө башымды катып алып аябай ыйладым. Апакем да улам чачымдан жыттап, өзү да ыйлап жатты окшойт үн чыгарбады.
"Энекем, кутум менин, ырыс кешигим, сен болбосоң кайда барат элем? Мыкты аял болом деп, жамандыгын жашырып, эч кимге сырымды ачпай жүрүп ушул акыбалга туш келдим. Апакем, мени тогуз ай көтөрүп, жаның көзүңө көрүнө азаптуу кыйноодон бошоно сүйүнүчкө бата мемиреп, чоңойтуп окутуп, тарбиялап, менин бактымды өзүңдүн бактым деп сезип отурган сизден неге жашырдым? Жок жашырган жокмун апаке, сизди аядым, жаман сөздөн эмес, жаман ойдон да көзүмдүн карегиндей калкалагым келди"... Менин арыз арманымды үнсүз отуруп уккан апам акырын гана
- Ваннага кирип жан дүйнөңдү тазалап жуунуп алгын, былтыркы жылкы кайгы капаңды таза суу менен жууп таштап, жакшы тилек менен ийри отуруп түз кеңешели,-деди. Уктап калган кызымды көтөрүп жаткырып, апам демдеген Индия чайын ичип көпкө сырдаштык.
- Күлмүңдөгөн көздөрүңдүн түпкүрүндөгү кайгыны айттырбай эле сезгем кызым. Бактылуу аял жаман, эски кийимчен жүрсө да жүзүнөн нуру куюлуп турат, бакыт шамы чачырап сүйлөгөнү да шар, күлкүсү шаңдуу болот. Болотуңдү төрөгөндөгү биз алпарып кийгизген пальтоңду көрүп эле сезгем бир балээни. Жетпеген турмуш болсо да аял деген жок дегенде башындагы жоолугун оңдоого аракет кылат ко кызым... Неге мынча өзүңдү таштадың кызым, дүйнө жүзүндө эркек аттуудан жалгыз гана сенин Уланың калса да... Эртеңден баштап тишиңди тазалатып салдыр, калганын дагы сүйлөшөбүз,- деп оордунан турду.
Түнү менен уктабай ойлонуп, келин болуп көшөгөнүн ичинде отурганымдан баштап азыркы күнгө чейинки жашоомо ой жүгүрттүм.
Ооба, менде да күнөө бар, кандай күнөө кетирдим, кайсы жерден, качан?...
Бир жолу да каяша айткан жокмун, мунуң туура эмес деп каккан жокмун, Уланым деп өзүм ичпегенди ичирдим, өзүм кийбегенди кийгиздим, элден өзгөчө бактылуу кылгым келген эле. Эне оордуна эне да болгум келген, сууктан калкалап, сен үчүн бороонго көкүрөгүмдү тозууга даяр элем... Көрсө сени аяп, бир сенин көңүлүңдү улап, өз көңүлүмдү унутуп, өзүмдү өчүрүп алыпмын. Сени аядым бирок өзүмдү аябадым. Сени бактылуу кылам деп жүрүп өз бактымдан ажыраптырмын. Өзүңдү сыйлай албасаң, сени ким сыйламак эле. Аялзаты, менин жашоом силерге бир аз гана тарбия берсе, анда мен утулган жокмун деп ойлойм. Эртең менен уктап кеткен экемин, апам киргенин сезсем дагы, көзүмдү ачып баш көтөрө албадым... "Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө" дегендей уйкусураган мени, маңдайымдан жыттай, ойгонгон кызымды колунан жетелей эшикти акырын жаап чыгып кетти. Тиш догдурга барышым керек деген ой менен эми турарда телефон шыңгырады, чочуп кетип телефонду эптеп алдым Кенжебек экен.
- Эже, маңдай тишиңизди жулдурбаңыз, даарылата бериңиз биз эртең барып калабыз , - деди. Аңгыча эле үй телефону шыңгырады, Улан деп ойлодум. Телефонду апам алды окшойт. Бир аз тыңшап туруп анан үнүн чыгарды.
- Мен, кайненеңмин. Угуп тур, кечирим сураба... Бул номерди унут, экинчи чалба, өлбөсөк бет келишебиз. "Урушпай ажырашкан, уялбай учурашат"- дейт. Телефон коюлду. Мен жуурканды бетиме тарта жамынып уктамыш болуп калдым. Жүрөгүм сыздап, кабынан чыкчуудай дүкүлдөп согуп жатты. Улан эмнелерди гана сүйлөдүң экен...
Бир аздан кийин кызым келип чайга чакырды.
Апам жакшынакай болуп кийинип алыптыр.
- Бол кызым, тамагыңды ич, азыр чогуу чыгабыз, мен да протезимди каратып алайын. Көчөдө кычыраган кыш, жол көк жылгаяк. Кызым бала эмеспи улам-улам муз тээп коёт, өтүгү да эскире түшүптүр, өтүк алып берейин деп чечтим. Биз барсак очеред болуп калыптыр, Семет менен Асыл алды жакта турган экен. Бизди көрүп эле Асыл үн салды.
- Кербез, сенин очереддиң менин артымда. Аяш апа, сиз жөн жай элеби?
- Ой мени врач өзү чакырыптыр, протезди карап көрөт экен? Тыпыйган медайым чыга калып суроо узатты.
- Фамиляңыз, врач чакырган адам?
- Кармышаковамын айланайын. Медайым кирип эле кайра эшигин ачты.
- Кире бериңиз эже. Очереддегилердин бирөөсү да үндөбөдү. Биз айнектин жанына барып сүйлөшүп туруп калдык.
- Болгон ишибиз эле ушул, Семет экөөбүз тең тиштерибизди даарылатып албасак, Якутияда акчасы узун болгону менен табияты татаал, ак кар, көк муз. Анан кызымды эркелетип калды
- Өзүңө окшош экен, көзү гана Уландыкындай капкара, келин кылып алсам окшойт.
- Канча балаң бар, кече аны деле сурабаптырмын?
- Ой жалгыз эле уулум бар , Москвадагы энергетикалык институтта окуйт. Семет чындап эле кызымды айланта карады. Шумдугуң кур, 18 деги кыз аялга наристе көрүнсө, эркекке колукту көрүнөт дегендей.
- Уулуң жигит болуп калган турбайбы, менин кызым наристе эле бойдон... Асел коридорду жаңырта шаңкылдай күлүп эсиме салды
- Сен 17ге толо элек болчусуң, Улан 23 жашта болчу. Менин уулум араң эле жыйырмага чыкты. Семет жылмая, кудаа кааласа кудагый да болуп калаарсың деп койду. Мен жөн эле кызымды азыр алып кетебиз деп жаткандагыдай чычылаганыма күлүп калдым. Аңгыча апам чыгып кызым экөө магазинге барып келмей болушту.
- Ооба, кызың жаш экен, бизге бойго жетип калган кыз келиндерден үч-төртөө керек, магазинчи болуп иштөө үчүн, Семет экөөбүз товарга кеткенде баш-көз болуу үчүн классташтардан бир жарымы болсо ала кетейин дедим эле. Бирөөсүн аялы жибербесе, экинчисин ээри жибербейт, жакшы төлөп берели десек да болушпайт деп наалый кетти. Очереди келип Асыл врачка кирип 15 минутта эле чыкты. Артынан эле мен кирдим. Бөлөм тиштеримди карап көрүп башын чайкады.
- Кудай берсең, курттан бер деген экенсиң да бөлөшүм. Эң жок дегенде он күндөй даарылайм, андан кийин гана тишти салууну сүйлөшөбүз деди. Эки азуумду сууруп колума карматып, сыртка отуруп тур, кайра чакырам деди. Менин сүйлөбөй отурганымдан пайдаланып, Улан экөөңөр тең барып иштесеңер болот, беш эле жылда бутка турасыңар, эки миң менен кантип оокат өткөрүп жатасыңар, эки уулуң студент болсо, алты жанды багыш бул искусство деп таң калды. Мойнундагы жылуу шарфын тишиңе суук тийет деп башыма ороп койду. Мени кайра чакырды эле, эртең жолугушабыз деп колтукташып чыгып кетишти. Колтукташып басмак турсун үч жылдан бери катар баспаганым эсиме түштү, көзүмө жаш айланды. Кирсем бөлөм мени таң кала карап эмне оорутуп атабы деп сурап, дары куюлган ватаны тиштетип эртең менен эрте кел деп чыгарып жиберди. Чыксам апамдар келип калыптыр, кызымды издеп таппайм. Бир сыйра кийинтип койгон экен тааныбай калыптырмын. Үйдө бизди Эсен күтүп турган экен. Келип эле кроватка жыгылдым, сүйлөгөнгө да акыбалым келбеди. Ой, ойдун артынан ой басты. Эмне кылсам Бишкекте эки уулума жардам бере албай, кыжаалат жашоо өткөргүчө Якутияга эле Асылга кошулуп кете берейин. Балдарым, апам менен кеңешейин, апам кызыма баш болуп турса кызым окууну бүткөнчө келип калаармын деп ойлодум.
Эртеси дарыгерге баргыча Асыл менен сүйлөшүп, Уланга кеңешейин деп койдум.
Үйгө келсем иним келиним менен келип калыптыр, көз караштары бөлөкчө, апам иштин чоо-жайын айткандай. Келиним жоголгон сөйкөсүнүн бирөөн, көзү түшкөн алтын шакегин көтөрө келиптир, маңдай тишиңизди көркөмдөп коёлу деп. Эртеси иним кошо барып алтындарын берип, төрт тишти каптатмак болдум. Мен улуусу элем го, мен инилериме жардам берсем жарашмак деп оюм онго, санаам санга бөлүндү. Тагдырдын өгөй баласындай таалайым тайкы болорун билсем, көшөгөнү үзө тээп чыгып кетүүгө акыбалым жетмек. Өмүрдө өзөк өрттөөр күйүттүү болбой, өрүшү толо сүйүктүү болгум келген эле. Көз жашым толо ый болбой, ырыскым төгүлгөн сый бүлөө, баталуу келин болгум келген эле го... Турмуш жолун жаза баспай таза басып аруу түгөйлөрдөн, бактылуу үй-бүлө болгум келген, бирок Уланым сен таштак жолдон тайгаланып жаза бастың. Сезим отуна алдатып, өмүр бою курган шаарыңды, арзып алдым Кербезим- кереметим, деген ордолуу шаарыңды өз колуң менен талкаладың. Чыныгы тунук сүйүүмдү, ак дилден курган бакытымдын быт чыктың чыгардың. Ооба менин да күнөөм бар. Менин күнөөм сени балалык сүйүүм менен сүйүп, чын дилимден урматтап, айтканыңды эки кылбагандыгым. Илгертеден келе жаткан ата-салтын, эне адебин бийик сактадым, азыр дагы үй-бүлө намысын бийик тутуп сыр билгизбей, билип турсам да бактыма кол салган аялды кечирип, жаш, ээрсиз деп аяп, өзүмдү аябай эзилип турам. Мен сенин энеңдин тарткан көйгөйүн, өз жон терим менен сездим. Чылбырыңды канчалык чоё тартсам да ээ бербедиң, айткан убадаңды, берген антыңды унуттуң, мен өз балдарым үчүн, ушулар сендей болуп калбасын деп аракет кылам, уул- кызымдын жолун чаап, жүгүн жөлөйм. Көңүл эң назик нерсе экен. Гүл дейбиз, а мен айнек деп ойлойм. Айнек талкаланса клейлей да, жасай да албайсың... үзүлгөн гүлдөн гербарий, кургаган гүлдөн даары жасасаң болот, гүлдүн экинчи жашоосы бар.
Кайгымды жүрөгүмө жүктөп алып, балдарымдын бакыты үчүн деп, өткөн жаштыгымды, бактылуу күндөрүмдү, кара көз сүйгөнүмдү айылга аманат калтырып, Асыл менен Семетке кошулуп Якутияга жол тарттым. Асыл менен Семет көп жардам беришти, алар да өз жашоосу, өз көйгөйү менен бир перзентке зар боло Москвага учуп кетишти.
Өзүмө окшогон келин-кыздар менен көрбөгөндү көрдүм, тартпаган азапты тарттым. Өз элимде иштебеген мугалимдик кесипти да аркаладым. Уулдарым жогорку окуу жайларын окуп бүтүштү. Аман Россиянын гражданини болуп Москвада иштеп, орус кызына үйлөндү. Эми эси дартым эки уулумду сактап калышым керек болуп жатат. Кыргыз атын сактап, кыргыз кыздарына үйлөнсө десем эки көзүм төрт эле.
Кызым окууну бүтөрдө Улан курун мойнуна салып апамдан кечирим сурап, кызынын окуусуна контрагын төлөп берип кеткен экен. Апам байкуш кайрадан боору ооруп, мени келип кал кызым деп суранды.
Бирок көңүл калып, муздай тоңсоң, ал өмүр бою ээрибей да коюшу мүмкүн тура. Канчалык аракет кылып, өзүмдү өзүм сооротсом да кылт этип эсиме түшкөнү түшкөн. Өз милдетимди аткарып алтынчы жылы Бишкектен Болот менен Зиреге эки комната квартира алып бердим. Айылга барып келген уулум, апа ден соолугуңузду чыңдап алыңыз деп апам экөөбүздү Ысык-Көлдөгү "Бостери" курортуна алып келип таштады. Биздин айылда жашаган эки абышка да курортко келишиптир. Кары адамдар мени таанып тааныбай апама кеп кылышыптыр. Илгери Зире энебиздин багып алган баласынын кудум сиздин кызыңыздай келини бар эле. Чачынын узундугу балтырына жетчү эле, акыл эсинин данектейлигин айтпайсыңбы? Кийин ыйкы-тыйкы болуп келин Жакутияга кетип дайынсыз болду. А бала курусун бир шүдүнгүт келинге үйлөнүп, атасынын эле кейпин кийип калды деп айтышыптыр. Төрт баласын таштап азыр өзүнүн бир баласы менен бирөөнүн бир кызын багып отурат дешет, ыркы жок деп угабыз деп кейип коюшат имиш. Аны уккандан кийин Нарынга да барбастан кайра Якутияга учтум, өзүм үчүн жашайм, өзүмө квартира алам деп чечтим. Апамдын какшап айткан сөзүн да укпадым. Эки жылдан кийин апам чуркап жүрүп өзүнүн эки этаж тамын мага энчилетип жаздырдым деп звонок чалды. Кызым кел жарыгым, мен да картайдым, кызыңды кайтарып үчүнчү этажда асылып отурам деп чалган сайын эмнегедир көк беттигим кармап тытынып иштей баштадым. Азыр интернет чыкпадыбы, кыргыз кыз-келиндеринин чыгармачылыгына аралашып, ырларын жаттап ырдап, үнүмдү карыганда ачтым. Бир эжекенин аңгемелерин окуп, өз тагдырыма окшоштурам. Менин тагдырымдан да татаал жашоодогу каармандар менен тааныштым. Эжеке да менин оюмча адам таңдагандардан окшойт, эки жолу жиберген достугумду кабыл албай койду. Аңгемесине ыр саптарын да аралаштыра жазат экен. Бир күнү личкасына кирип, бир нече ырын копировать этип алдым, жаттап обон да чыгардым. Эми эли-жериме жол тартам деген маалда короновирус оорусу күчөп жолдордун баары жабылды. Атыңдан айланайын кыргыз деген, балдарым менен апакемдин ден соолугун кудайдан сурап жүргөндө өзүм ооруп калдым. Мигрант деген баары бир мигрант, же экинчи сорт адамдар десем да жаңылышпайм. Кыргыз, өзбек, татар, тажиктер бир блокко барып даарыланып баштадык. Көздөрү эле жайнайт капкара болуп. Даарыгерлердин көбү бет капчан, дээрлик баары казак менен кыргыз экен. Кайран элим, мага окшогон билими тайкылар эле талаалап жүрөт деп ойлосом мыкты врач, медайым, мугалимдер да аябай көп экен. Тууганчыл байкуштар ооруп жатып да бири-бирибиз менен таанышып бир тууган болуп кеттик. Бир сааттап капельницада жатабыз, жадаганыман жаттап алган ырларымды өзүм үчүн акырындык менен көркөм айта баштадым. Бул короновируста унутчаак болуп калат дешкендиктен алдын ала жасаган аракетим эле. Кийинчерээк кыргыз медайым, даарыгерлердин суроосу менен көркөм окуй баштадым.
Болдукыздын ыры.
Оюмда ыйык көргөн сүйгөн жарым,
Өчүрүп койду менин күйгөн шамым.
Көзүмдүн карегиндей сүйүүчү элем,
Сүйүктүүм, ыйыгым деп жүрүүчү элем.
Ушакты укпай калсам, көрбөй калсам,
Бул жашоодо менин пирим болбойт белең!
Ооруду сага деген аруу сезим,
Ордолуу шаарым кулап бүгүн менин.
"Ал өлсө, анан сени алам деген,
Сөзүңдү угуп, ууланды бүткүл денем.
Ал экөөңдүн тилегиңди таш каптырып,
Өмүрүмдү балдарга арнап жашап келем.
Көз жашым агып турду булак болуп,
Ор каздың өзүңө өзүң чыкпас терең.
Талкалап таалайымды ыйык туткан,
Барк-бааңды бир заматта талкан кылдың.
Аруулап, аздектеген ак сүйүүмдү,
Булгадың арамдыктан ниетти бузган.
"Төгүлгөн аяк дагы толчу беле?
Толсо да мурдагыдай болчу беле?"
Балдар үчүн кечирим кылсам дагы,
Басындың, мурдагыдай боло албайсың.
Кээ кезде чыгат ооздон кермек сөздөр,
Тайсалдайсың, так жообун айталбайсың...
деп көркөм окуп жатсам эле
- Болдукыз, сен дагы Якутиядасыңбы?- деген суроо берилди.
- Жок, мен Кербезмин.
- Ким болсоң да сен менин эжемдин ырын окуп жатасың, мен чыкканча күтө турчу жарыгым,- деп эркелете суранды.
Көктөн издегеним жерден табылып, Токтокан эжекенин телефонун алып калдым. Көпкө арсар болуп жүрүп, телефон чалып акыры эжеке менен сүйлөштүм. Менин суранычым менен жашоо кербеним жазыла баштады.
Уландысы бар.
04.01.20. Кара-Көл шаары.
Автор: Токтокан Чокоева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев