*Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.*
_Аллахым! Бизди көз ирмемге болсо да Өзүң ыраазы болбогон нерселер менен обочо таштап коё көрбө._
*_Аллахым! Чын-тамашамды, жаңылыштыгымды жана атайылап кылгандарымды кечире көр. Бул кемчиликтердин бардыгы менде бар экенин мойнума алам._*
_Аллахым! Чыгыш менен батыштын арасын алыс кылганыңдай, мени менен күнөө-каталарымдын арасын да алыс кыла көр._
*_Аллахым! Карызга батуудан, душмандын табасынан жана башкалардын келекесинен сактай көр._*
_Оо, Жараткан Аллахым! Күнөө-каталарымды, наадандыгымды, иштеримде кетирген ысырапкерчилигимди жана Өзүң менден да жакшы билип турган күнөөлөрүмдү кечире көр!_
*_Аллахым! Сыйларыңдын колдон кетишинен, берген бейпилчилигиңдин качышынан жана ойдо жок жерден жазаңдын как төбөдөн басышынан жана каарыңа калтыра турган нерселерден бизди Өзүң сакта._*
_Аллахым! Күнөөлөрүмдү кечире көр, үйүмө кенендик бере көр жана ыйгарган ырыскыларыңа береке бер._
*_Аллахым! Мени алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, сараңдыктан, карылыктын кордугунан жана кабырдын азабынан сактай көр._*
_Оо, Жараткан! Бийлик-мүлктүн Ээси Өзүңсүн. Каалаганыңа мүлк бересиң, каалаганыңдан алып коёсуң. Каалаганыңды сыйлуу кылып, каалаганыңды кор кыласың. Жакшылыктар бир гана Сенин колуңда. Сен баарына кудуреттүсүң. Сен боорукерсиң, бизге бул дүйнөдө жана акыретте жакшылыктарыңды бере көр._
*_Оо, Жараткан Эгебиз! Биздин жана бала-бакырабыздын жүрөгүнө ислам нурун, Куран жолун сала көр. Урук-тукумубуздун баарын исламдан жана Курандан ажырагыс кыла көр. Баарыбызга мусулман бойдон жашап, мусулман бойдон өлүүнү насип кыла көр. Бизди дүйнө-акыретте бактылуу кыла көр._*
_Оо, Жараткан! Сүйүктүү Пайгамбарың Мухаммаддин (саллаллаху алайхи васаллам) урматында мусулмандардын жүрөктөрүндөгү ар кандай бөлүнүп-жарылууларды жоё көр. Бизди улуу сахабалардай жакын боордош жана бир-бири үчүн жашаган инсандардан кыла көр._
*_Оо, Жараткан Эгебиз! Бардык иштерибиздин негизи болгон динибизди оңдой көр. Биз жашап жаткан дүйнөбүздү оңдой көр. Кайтар жерибиз болгон акыретибизди оңдой көр. Тирүүлүктө ар түрдүү жакшылыктарды көбөйтүүгө себепчи кыла көр. Өлүмдү да ар түрдүү жамандыктардан кутулуп эс алууга ортомчу кыла көр. Оо Жараткан Эгебиз! Сага ыкласыбыз менен ибадат кылууну каалайбыз, Сенден Туура жолдо бекем тургузууңду, чынчыл тилдерди жана соо жүрөктөрдү тилейбиз._* _Аамиин_🤲
📘 *Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев