1⃣ Бир жигит өзүнүн аялын аябай жакшы көрчү экен, дайым бир нерсе сатып келсе, аны келинчегине берип, эскисин ата-энесине берчү.
Бир күнү аялы ага:
«Мага талак бер» - дейт.
Күйөөсү ага таң калып:
«Эмнеге, мен сени ушундай жакшы көрүп, сага эң жакшы нерселерди алып келип берсем, урматтасам, эмне үчүн мени чанып отурасың? - дейт.
Анда келинчеги:
«Мен сенден балалуу болууну каалабаймын, себеби сенин балдарың да биз картайганда бизди сен ата-энеңди урматтабагандай бизди да урматтабайт» - деген экен.
2⃣ Аялынын сөзүнөн чыга албаган бир жигит:
«Энең эртели-кеч тамак жей берет, эч тойбойт, жогот муну бул жерден», - деген аялынын сөзүнө кирип, картайып калган энесин алыс бир тоого алпарып таштайт.
Кетээринде энесинин бир нерсе чайнап жатканын көрүп, баягы аялынын айткан сөздөрүн эстейт да, чын эле энем тойбойт экен деп ойлойт.
Ачуусу келип:
«Ой эне эмнени эле чайнап жатасың эч тынбастан? – дейт.
Энеси:
«Кечирип кой балам, бир жумадан бери оозума эч нерсе алганым жок, азыр болсо тилимди сооруп отурам» - дейт.
Ошондо гана ал жигит энесин такыр карабай, аялын эле угуп жүрө бергенине катуу уялып, өкүнүп, тооба кылат жана энесин үйүнө алып келип кызматында болуп анын ак батасын алат.
3⃣ Дагы бир эрки жок киши аялы кулагын жей бергендиктен картайып калган атасын капка салып, алыскы тоого алып жөнөйт.
Тоого жеткенден кийин:
«Кечирип кой ата, жагдай ушундай болуп калды, сизди үйдөгүлөр жактырбай жатышат, мен болсо балдарымды кантип таштайм», - дейт.
Атасы баласынын абалын түшүнүп:
«Эч нерсе эмес балам, бара кой, бирок бул капты ала кет» - дейт.
Баласы таңкала:
«Мага мунун эмне кереги бар? - дегенде, атасы:
«Ээ уулум, сен картайып, балдарыңа керегиң жок болуп калганыңда бул кап кереги тийип калаар» - дейт.
Мына ошондо гана ал өз катасын түшүнүп, тооба кылган экен.
→ Мына ушундай окуяларга биз да күбө болуп жатабыз.
Канчалаган жаштар ата-энелери картайып калган кезде каарылар үйүнө тапшырып коюда.
Аларга орой, адилетсиз мамиле жасап, ач калтырып, же алар каарып колунан эчнерсе келбей калган кезде карабай таштап кетүүдө.
Ал тарбияны көргөн балдар мээримсиз, таш боор болуп өсүшөт.
Аларда картайганда ата-энесине дал ушундай мамилени көрсөтүшөт.
Эне сүтүн актабаган, анын мээнетин кайтарбаган адам, кантип бирөөлөрдүн сыйына, урматына татыктуу болсун.
Албетте, андай адамдар колунда байлыгы, бийлиги, күчү барында сыйлуу болот да алар кеткенде баркы жок болуп калат.
📚 ШАРИАТ ИЛИМИ
👳 Сабыр Мавлянов
👰 Рахима Сатрудинова
👳 Абдулла Бакиров
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев