Жеңил унаа менен карышкырды жолдо (ашууда) кубалап барып тебелетип, таш менен башына ургулап өлтүрүп жаткан жигиттердин видеосу таркады интернетте. Видеонун түбүнө жазылган комментарийлерди окусаң кээ бирине төбө чачың тик туруп чочуйсун. Тиги эки жигитти каргап шилеп, "2 буттуу айбандар, карышкырдан өткөн жырткыч силерсилер, карышкырдын каргышы урсун" дегендер да бар экен, тобаа.........
Жанында мылтык жок болсо анан карышкырды кантип өлтүрүшөт эле тебелетип таш менен ургулабаса?!..... Машинасын токтотуп коюп карышкырды кууп жетип колдору менен кармап, жерге көтөрө чаап өлтүрсүнбү?!... (унчукпай туруп бермек беле жырткыч, болбоду дегенде бир жигитти өлтүрмөк ).
Же карды тоголоктоп атып атышсынбы карышкырга?!....
Же кармап барып үйүнүн торуно отургузуп жилик тартып сыйлаш керек беле?!...
Макул карышкырды өлтүрбөй кайдыгер карап коюп, унаасын андан ары айдап кетсин дейли,, ошол эле ашууда дагы бирөөнүн унаасы бузулуп же балону жарылып токтоп унаасын ондогону чыкса, кыкең ар жактан атырылып келип кол салбайт деп ким жүз пайыз кепилдик бере алат, смело айта алат?!...... Мындан 3-4 жыл мурун бир жигиттин Ысык-Көлдун жолунда унаасы бузулуп, оңдоп жатканда карышкыр кол салып балтырын тиштегенде келинчеги бөрүгө бычак сайып күйөөсүн тирүү алып калганын уксанар керек. Мындай кол салуулар жүздөп саналат, ал эми кой, уй, жылкыларды кыргандарын айтпасам да өзүңөр жакшы билесиңер..... Карышкырлар канча чабандын короосуна секирип кирип жүздөгөн койлорду мууздап кеткени жаңылык деле эмес кадимки эле көрүнүш....
Карышкырга боор ооруган адам болуп, кыргыздын эки жигитин каргап шилеп отургандарга таңмын, аларды каргабай жаман көрбөй кайра медаль тагыш керек бир жырткычтын санын азайтканы үчүн.
Канча мээнет ак эмгек менен мал ал кылып жатсанар, короонорго кирип койлоруңарды кырып, бооз бээлериңерди мууздап кеткенде көрөт элек, эмне деп комментарий жаза турганынарды, "кармап алсам тирүүлөй өрттөйм го" демексинер тишинерди кайрап...
Ошол жигиттер жырткычты жөн гана камерага тартып өлтүрбөй коюп кетишсе артынан ошол карышкыр адамга кол салып жарып кетсе, азыр башкача комментарий жазмаксынар, "жырткычты көрүп туруп өлтүрбөй кетишти эле ошол карышкырдын азуусунан адам өлүп отурат, кайдыгерлик бул, коркоктор!" - деп ызылдамаксынар ээ.....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2