Уйгак майы (репейное масло) түшүп жаткан чач үчүн миңдин бири. Ал үчүн жылытылган уйгак майына 1 аш кашык коньяк, 1 жумуртканын сарысын жана 1 чай кашык лимон ширесин кошуп чачтын түбүнө сүйкөйсүз. Анан башты полиэтилен баштыкчасы менен ороп, 15-20 мүнөт кармап туруп жууп салыңыз. Бул масканы бир айда эки жолу жасоо сунушталат. Тырмактарыңыз сынып баштаса майды чакан идишке жылытып, лимонду экиге бөлүп ортосуна майды куюп, тырмактарды ага матырып 10-15 мүнөт туруңуз. Аптада 2-3 жолу кайталасаңыз тырмактар бекемделе баштайт. Кээде колдун чыканагы жана тизе катууланып, калыңдап, капкара болуп кетет. Бул маселени жоюу үчүн уйгак майын жуунардын алдында чыканакка жана тизеге сүртүп, жарым сааттай коюп туруп жууп салсаңыз, агарып жана жумшарып калат. ❕Эсиңизде болсун!
📌Табигый каражат болгон үчүн көп учурда аллергия жаратпайт. Ошентсе да сактык үчүн алгач териңиздин бир аз жерине тийгизип көрүңүз, кычышып, кызарып чыкса, анда аны колдонуунун кажети жок.
📌Сатып алып жатканда сактоо мөөнөтүнө сөзсүз көз жүгүртүңүз.
📌Аталган майлардын баарын арзан баада дарыканадан сатып алсаңыз болот.
📌Бетиңиздин майлуу болуп бара жатканын байкасаңыз токтотуп, беттин абалына жараша кийин улантуу керек. . . .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев