С. PP, B1,B2,B3,B6, В9 бар.
✔️Жалбыздын дарылык касиеттери - нерв системасын тынч абалга алып келет да, баш мээнин иштешин жакшыртат. Организмди шлактардан тазалап, күч берет. Чачты өстүрөт, ооздогу жаман жытты жок кылат. Жалбызды гүлдөгөнгө чейин оруп алып, көлөкөдө кургатып алуу керек. .
✔️Кургатылган жалбырагын укалап порошок кылып алып, 4 чоң кашыкты 1 л таза балга аралаштырып, 14 күндон кийин күнүнө 1 чоң кашыктан ач карын 3 ай жесе жүрөктүн баардык ооруларына шыпаа болот.
✔️Ошондой эле өлчөмдү 1 л сары майга аралаштырып 14 күндөн кийин күнүгө жатаарда 1 чоң кашыктан жеп жатса, өпкөдөгү какырыкты жакшы чыгарат, демиккенди жоготот, үндү ачат, жөтөлдү токтотот.
✔️Жалбыздын жалбырагынан 1 чоң кашык алып үстүнө 200 гр кайнак сууну куюп, демдеп, күнүнө жатаарда 100 грдан 10 күн ичсе тердеген адам тердебей калат.
✔️Буту тердеп, жыттангандар жалбыздын суудагы тунмасына бутун бууласа жакшы эффект берет. Жалбыздын сабагынан алып үстүнө кайнаган сууну куюп, ошол тунмадан күнүнө 1 аш кашык ичсе, ичтин өткөнү калат.
✔️Жалбыздан ванна жасаса полиартриттен айыгат. Жалбыздын тунмасын пайдаланууда: жаралардан айыгат, котур жакшы айыгат. Ошондой эле геморройдун айыгышына, айыздын нормалдуу келишине жардам берет.
✔️Жалбыздан жаздыкча жасап, түнү жыттап жатса - уйкусуздукка жакшы жардам берет. Жаш мезгилинде тамак-ашка кошуп жеген, кургатылганда чайга кошуп ичкен жакшы.
#Жалбыз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев